“Келиндештирүү – бул кулчулук”, “Качан төрөөнү же такыр эле төрөбөөнү биз чечебиз!”, “Биз зордукчулдукка каршыбыз!”, “Сексизмге каршыбыз!”, “Чай куюп берүү – бул келиндин милдети эмес”, “Феминисткалар менен күрөшкөндүн ордуна тирандар жана зөөкүрлөр менен күрөшкүлө!”, “Эмне үчүн аялдар аз айлык акы алат?”, “Аялдар менен балдарга коопсуздукту камсыз кылгыла!”, “Аялдардын укугун камсыздагыла!”, “Аял сыйлабаган жарыбайт”, “Биз болбосок ким, азыр болбосо анда качан?”, “Баш ийбе”, “Мен тандоомду кылдым”, “Бардык өлкөлөрдүн пролетар аялдары бириккиле!”, “Чоң энем чыдаган, апам чыдаган, а мен чыдабайм”, “Менин денем – менин ишим”, “Мен транс экениме сыймыктанам!” – Кыргызстандык феминисттер бүгүн мына ушундай чакырыктар менен Бишкектин борборунда жүрүш өткөрүштү.
Эсиңиздерге сала кетсек, бүгүн, 8-мартта Бишкекте “Бишкек феминисттик демилгелери” коомдук уюму уюштурган аялдардын тилектештик жүрүшү өттү.
Жүрүшкө эки жүздөй адам катышып, Чүй проспектиси аркылуу “Россия” кионтеатрынан Уркуя Салиеванын эстелигине чейин басышып, бардык тармактарда аялдардын эркектер менен тең укуктуулугун талап кылышты.
Жүрүштү укук коргоочулар Рита Карасартова, Бүбүсара Рыскулова, Өндүрүш Токтонасыров, Равшан Жээнбеков, Эдил Байсалов, “Роза Отунбаеванын демилгелери” фондунун кызматкерлери жана башка активисттер колдоп жүрүштү.
Булак: KyrgyzToday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ