Бүгүн, 21-майда Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында прокуратура органдарынын өткөн жылы аткарган иши боюнча отчёт берип, эл өкүлдөрүнүн суроолоруна жооп берип жатат.
Жыйындын жүрүшүндө депутат Аалы Карашев соттун чечими менен соттолгондордун конфискация болгон мүлктөрү боло турганын айтып, бул тармакта кандай иш жүрүп жатканын, канча адамдын мүлкү конфискациялангандыгы тууралуу суроо узатты.
Башкы прокуро Өткүрбек Жамшитовдун айтымы боюнча, 2019-жылы резонанс жараткан кылмыш иштери боюнча соттун чечими чыга элек.
“Буга чейинкилеричи? Мисалы, мурунку биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиевдин мүлктөрүн конфискациялоо боюнча эмне болду? Мамлекетке берилдиби? Берилсе ким иштетип жатат, мамлекетке кандай пайда алып келди?” – деп сурады депутат.
“Аскарбек Шадиевдин мүлктөрү боюнча анын туугандары тарабынан сотко берилген. 3 материал сотто каралып, сот алардын доо арызын канаттандырган. Андан кийин мүлктү бөлүштүрүү үчүн арыз берилген. Азыр материалдар сотто каралууда. Бир материал Жогорку сотто турат. Анын баары күчүнө кирсе, мүлктүн баарын мамлекеттин пайдасына алабыз” – деди башкы прокурор.
“Бүгүнкү күндө Шадиевдин мамлекетке өткөн мүлкү барбы же жокпу?” – деп суроо узатты Аалы Карашев.
“Бүгүнкү күндө Шадиевдин туугандары ар кандай жагдайлар менен сотко берип жатышат. Аялынын берген арызы бар. Ошол боюнча сот карап жатат” – деп суроо узатты Аалы Карашев.” – дейт башкы прокурор.
Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов жыйында депутат Абдыбек Дүйшалиевдин суроосуна жооп берип жатып, Аскарбек Шадиевдин “мыйзамсыз баюу” боюнча кылмыш иштери Биринчи май райондук сотунда каралып жатканын айтты.
“Башкы прокуратура Аскарбек Шадиевди экстрадициялоо боюнча тергөөчүлөрдү АКШда жиберүүнү пландаштырган. Бирок коронавирустан улам түзүлгөн жагдайга байланыштуу сапар токтотулган” – деди башкы прокурор.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ