Menu

Казактарга жерибизди алдырганыбыз аз келгенсип, эми алардын идеологиясынын үстөмдүгүндө калдык

Бөлүшүү:

Кыргызстандын түштүгүнө өзбек телеканалдары басымдуулук кылса, түндүгүндө казактардын ондогон берүүлөрү үстөмдүккө өткөнү жашыруун эмес. Санарипти эле карагыла да, санагыла. Канчалаган Казакстандын телеканалдары идеологиялык саясаты менен өсүп келаткан жаш муунубузга таасир этүүдө. Өзгөчө Чүй, Талас облустарында билинбегени менен казакташтыруу илеби тымызын каптап, дал ушунун астында алсыздыгыбызды сезип атабыз. «Биздин президент Нурсултан Назарбаев» деп айткан тестиерлерди кантебиз?

Алардын жаңылыктарынан баштап, заманбап мультфильмдери, маданий берүүлөрү, спортту чагылдыруусу, көптөгөн кызыктуу кинолорду эне тилдерине үзгүлтүксүз которуп жатышкандары, айтор, баардык багыттары боюнча алдыга кетишкени, дал ушундай демдүү «баскынчылыкта» элибиздин башын буруп кетпейби? Тилиңди, дилиңди алдыруу- жок болгонуң эмеспи! (Буга чейин казактар Чүйдүн жерин улам кемирип алып келгенин кайда катабыз?) Эмне үчүн президентгик аппарат, өкмөт чечкиндүү чараларга баруу менен тиешелүү чечимдерди кабыл албайт? Курулай саясат, эски-жаңынын тиреши болуп отуруп, улуттун кызыкчылыгына сокку уруп албайбызбы? Бул көйгөйгө бүгүн баш оорутпасак, эртең жүрөгүбүздү казактарга алдырып койгондон кийин чек аранды чегирткече да коргой алмак белең? Мына, олуттуу кулак кагыш, тиешелүү бийлик бутактары эмнеге иштешпейт?..

Акын Бекчороев

Булак: “Азия ньюс”

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: