Мусулмандар дин башкармалыгынын башчысы, азирети Муфтий Максат ажы Токтомушев Бишкек шаарындагы “Вlаск Star Вurger” деген аталыштагы ресторандын ачылыш аземине катышып сөз сүйлөгөн. Ресторандагы тамактануучу жай орусиялык белгилүү рэпер Тиматиге таандык жана жакын арада анын өзүнүн келүүсү да күтүлүүдө. Муфтий ресторандын ачылышынын лентасын ке-сип, алардын ишине ак жол тилеген. Албетте, кыргыз сал-тында ар бир жакшы иштин башталышында аксакалдарды чакырып, ак бата алуу салты бар. Максаты ажы кайдан кары болсун? Сыягы, Кыргызстан Муфтийинин өзүнө берилген милдеттемелерди так аткаруусу керек болгон шарттары бар экенин унутта калтырган окшобойбу. Жакынынын жакшылыгына бара берсе болот дедиби же “бир деме” кыстарып, кыйчалыш жолду тазалап беришкенби? Ким билсин, турмуштун туташ кыйын жагдайлары, ала чолодо акыретте бериле турган суроолордон да бийик туруп калып жатпайбы. Ал жай диний иштерге эч бир байланышы болбогон, анан калса эртең арак-шарап ичилип кала турган жайы дагы болуп калышы толук мүмкүн да. Мына ушуну эске алганда, Муфтий Максат ажы чоң ката кетиргенин ачык эле айтып коюуга болот. Бул боюнча өзү дагы эл алдына жооп берет деп ишенип туралы.
Булак: «Факты.kg»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ