Menu

Сууну товар катары сатууга убакыт келди…

Бөлүшүү:

Жогорку Кеңештин депутаты Кенжебек Бокоев сууну товар катары пайдаланып, кошуналарга сатуу демилгесин көтөрүп жатат. Ырасында, бул маселе орчундуу. Сууну товар кылып сатууга учур келди. Биз бул боюнча элге собол салып көрдүк.

Жамин Акималиев, академик: “Кудай берген байлыкты бекер бербей сатышыбыз керек”

– Кенжебек Бокоевдун демилгеси колдоого алыныш керек. Чынында сууну сатыш керек деген маселе кечээ же бугүн эле чыга калган жок. Эгемендүүлүктү алгандан бери эле бул маселе көтөрүлүп, бирок президенттер чечкенге батынбай келишкен. 1995-жылдары таза суу эле эмес, сугат сууну да сатуу боюнча маселе көтөрүлүп, Турдакун Усубалиевдин демилгеси менен мыйзам жазылып, кабыл алынган.

Акаев мыйзам жазып бергиле дегени менен ал мыйзамды колуна карматсак да, кошуна мамлекеттер менен чечкенге саясий эрки жетпей койгон. Кийин бул маселени Бакиев деле көз жаздымда калтырды. Атамбаев катуу сүйлөмүш болгону менен ал деле чечкен жок. Негизи бул маселени көтөргөндө кошуналар кандай кабыл алат, тиреш күчөп кетпейби деп чочулабай деле койсок болот. Азыр жаратылыш байлыктарынын баары сатылып жатат. Суу дагы жаратылыш байлыгына кирет. Өзбектерден, казактардан жаратылыш газын, нефтини, көмүрдү долларга сатып алабыз го. Ошол сыяктуу сууну да сатууну жолго салышыбыз керек. Аларга ушу кезге чейин союздун маалындагы мыйзам менен бекер бергенибизди, заман өзгөргөнүн, базар экономикасына өткөнүбүздү түшүндүрүшүбүз керек. Адистердин айтымында мындан 31-32-жылдан кийин суунун баасы алтындан да кымбат болуп калышы мүмкүн деген божомол бар. Анткени мөңгүлөр эрип жатат. Ошон үчүн маселени чечүүнүн жолун табышыбыз керек. Сууну суу сактагычтарга сактап, жылына аларды ремонттоп, Өзбекстан менен Казакстанга бекер бергенибиз акылга сыйбаган иш. Айтайын дегеним, Кыргызстан мөңгүдөн чыккан суунун 20 пайызын эле пайдаланат. Калгандары кошуна мамлекеттерге кетет. Токтогул суу сактагычынын 91 пайызы Өзбекстан менен Казакстанга кетет. Киров суу сактагычынын 80 пайызга жакыны Казакстанга кетет. Орто токой суу сактагычынын жарымы Казакстанга кетет. Сууну жөн эле бербестен, ал сууну сактап, ага чыгым болобуз. Суу сактагычтарды жыл сайын оңдоп-түзөйбүз. Бирок биздин сууну пайдаланган мамлекеттерден эч нерсе албайбыз. Бул акыйкатсыздыктын жеткен чеги. Азыр бул маселени кабыргасынан коё турган учур келди. Укуктук жактан сууга каражат алууга толук мүмкүнчүлүгүбүз бар. Президент чай үстүндө болсо да президенттер менен сүйлөшүшү керек. Дароо чечпесе да, акырындык менен чечиши шарт. Антпесек талаада калабыз. Колубуздагы байлыкты пайдаланбай карыз сурап жүрөбүз. Сууну сатсак, жок дегенде 100 миллиардга жакын каражат түшөт. Экономикабызга да чоң салым болот. Ошон үчүн Бокоевдин мыйзамын колдоп, Кудай берген байлыкты бекер бербей сатышыбыз керек.

Эркингүл Иманкожоева, экс-депутат: “Кыргызстандын экономикасын суу менен көтөрө турган мезгил келди”

– Бул демилгени сөзсүз колдоого алышыбыз керек. Анткени суу нефть, алтын, токой жана башка байлыктай эле жаратылыш байлыгы. Ошондой эле сууну сатып ичип жатпайбызбы. Ушул жагын эске алганда Кыргызстан эмне үчүн акча албай, кошуна мамлекеттер үчүн суу сактагычтарды карашы керек деген маселе жаралат. Агын сууну кымбат баада сатпасак дагы, көрсөткөн кызматыбыз үчүн каражат алып, таза сууну экспортко чыгарып сатышыбыз керек. Кыргызстандын экономикасын суу менен көтөрө турган мезгил келди.

Жеңиш Молдокматов, “Замандаш” партиясынын төрагасы: “Таза сууну экспорттосок болот”

– Кенжебек Сатымкуловичтин көтөргөн маселеси орундуу, олуттуу. Кыргызстанда 59 суу сактагыч, ЗбООдөн ашык шар аккан суу, дарыялар, 2500дөн ашык көл жана кичи, орто көлдөр бар. Кыргызстан гидроресурстарга бай мамлекет. Ошон үчүн биздин эбегейсиз байлыгыбыз суу болуп эсептелет. Дүйнөдө таза суу товар катары каралгандай, таза сууну Кыргызстанда дагы тез аранын ичинде товар катары кабыл алышыбыз керек. Ошондо сатыкка чыгып, мамлекетибиздин экономикасы көтөрүлөт. Бирок бул мыйзамды иштеп чыгууда геосаясий абал да сөзсүз эске алынышы керек. Анткени трансчегаралык суулар боюнча дүйнөлүк норма бар. Кыргызстандан чыккан суу Казакстан менен Өзбекстан, Тажикстанга кирип кете турган болсо, милдеттүү түрдө бекер берилет деген. Мына ошол маселелерди тыкыр иликтеп чыгып, кошуна мамлекеттер менен мамилени курчутуп албай турган кылып анан кабыл алышыбыз керек. Араб мамлекеттеринде бензиндин баасы болжолдуу 10 сом боло турган болсо, сууну баасы бир доллардан. Аларда суу тартыш болгон үчүн азык-түлүктүн баарын сатып алышат. Сууну сарамжалдуу пайдаланып, сууга болгон мамлекеттик көз карашты өзгөртүп, сууну максаттуу жана эффективдүү пайдаланып, таза сууну башка мамлекеттерге экспорттосок болот.

Жамалбек Ырсалиев, активист: “Арабдарда суунун баасы бензинден жогору турат”

– Кенжебек Бокоев туура маселе көтөрдү. Анткени суунун кадырын өзүбүз билбей жатабыз. Мисалы араб мамлекети бензин сатып байып жатат деп кыйкыра беребиз. Бирок ошол арабдарда суунун баасы бензинден жогору турат. Ал жакка алып барып суу сатмак тургай, коңшу өлкөлөргө чыгара албай отурабыз. Мисалы, Казакстан менен Өзбекстанга сугат суулары менен соодалашып саясат жүргүзөбүз. Бирок Казакстан өндүрүшүнөн чыккан таза суу менен соктор биздин дүкөндөрдүн текчелеринде толуп турганы эмнени билдирет? Демек, биз азырынча суу сатууга даяр эмеспиз. Ошондуктан даярданып алып сугат суусун дагы, иче турган артезиан суусун дагы сатсак неге болбосун?

Базарбай Мамбетов, мурунку вице-премьер-министр, коомдук ишмер: “Кыргызстан өзүбүздөн чыккан суунун 10 гана пайызын пайдаланат”

– Биз сууну товар катары карап, кошуна мамлекеттерге сугат сууну сата албайбыз. Анткени сууга болгон эл аралык эреже бар. Аны буза албайбыз. Себеби ал эрежеде Кыргызстандан чыккан суу болсо да, кошуна мамлекеттерди аралап өтө турган болсо суу бекер берилээри жазылган. Алар суу сактагыч куруп кышында сактап, жайында керектүү өлчөмдө суу берип турган кызмат акыбызга гана акча төлөшү керек. Кыргыз мамлекети чама-чаркы чак болгон үчүн ашыкча суу сактагычтарды кура албай жатат. Болбосо, Нарын, Кара дарыя, Сары-Жаз деген дарыяларга чоң суу сактагычтарды куруп, ошолордун жээгине платина салып, гидроэлектрстанцияларын курсак мамлекет үчүн кирешелүү тармак болмок. Каражатыбыз жок болгон үчүн суу байлыктарыбызды толук пайдалана албай жатабыз. Кыргызстан өзүбүздөн чыккан суу ресурстарынын 10 гана пайызын колдонот. Ичкенге жана сугатка. Калган 90 пайызы Казакстан, Өзбекстан, Тажикстанга толугу менен өтүп кетет.

Чынайым Кутманалиева

Булак: «Фабула»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 38 − 37 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: