Menu

Жылдыздуу түгөйлөр Арнис Кыдырмышев жана Альбина Имашева

Бөлүшүү:

Куштун эки канатына окшоп турмушта да, чыгармачылыкта да катар бара жаткан үй-бүлөлөрдүн катарында Т.Абдумомунов атындагы кыргыз улуттук академиялык драма театрынын алдыңкы артисттери Арнис Кыдырмышев жана Альбина Имашова бар. Түгөйлөрдүн кызыктуу маегине назар салыңыздар.

– Эң алгачкы таанышкандагы Арнис, Альбина менен азыркы Арнис, Альбинанын ортосундагы айырма чоңбу?

Арнис Кыдырмышев: – Чыгармачылык жагынан айырма чоң десем жаңылбайм. Ал эми кулк-мүнөзү, ички дүйнөсү мен биринчи көргөндөй эле сезилет. Анткени алгач Альбинаны кандай көрсөм, ошол элес жүрөгүмө уюп калган. Чыгармачылык жактан өсүп жатканы биздин үй-бүлөнү абдан кубандырат. Бирок мүнөзү өзгөргөнүн анча деле байкабайм.

Альбина Имашова: – Айырма албетте чоң. Экөөбүз таанышканда боео бала болсок, азыр турмуш бизди такшалдырды. Жашоо бизди тарбиялады. Жашоого олуттуу караган адамдардын катарына кирдик. Экөөбүз жаңыдан баш кошкондо нан таап келүү гана түйшүгүбүз болсо, азыр кыздарыбызды асырап багуу, бир туугандарыбызга, ата-энеге жоопкер болуу милдети мойнубузда. Жашоо башыңдан сылабайт экен. Кээде сени башка чаап, буттан чалып же мактап коюшу мүмкүн экен. Бирок турмуштун мактоосунан сабактары өтө көп экен.

А кулк-мүнөзү тууралуу айтсам, Арнис мен үчүн өзгөрүлгөн жок. Экөөбүз таанышканда эле өзүнүн беттегенин бербеген өжөр, өткүр, чечкиндүү, жоопкерчиликтүү болчу. Азыр деле талапты катуу койгон үй-бүлөбүздүн атасы. Кыздарым, мен баш болуп атабыздан сестенип, коркуп турабыз.

– Аял кишинин ийгиликке жетүүсүнө сөзсүз жолдошу чоң себепчи болот экен. Бул жагынан алганда Арнис байке абдан камкор жолдош экени сезилип турат…

Арнис Кыдырмышев: – Мактап жибердиңиз окшойт. Бирок чын-чынына келгенде аял киши табиятынан алсыз жаралган жан эмеспи. Ошол себептен ага ар дайым колдоо болуп туруш керек. Чыгармачылык жактан колумдан келишинче жардам бергенге аракет кылам. Аял затына, өзгөчө актриса айымга өзгөчө колдоо керек. Чыгармачыл чөйрө өтө опурталдуу. Мен го мырзамын, мен кандай гана кыйынчылык болбосун жол таап кетем, а аял затына эркектин колдоосу аба менен суудай керек.

Альбина Имашова: – Арнис болбосо, мени колдобосо мындай ийгиликке жетпейт элем. Арнис колдоп турбаса мен каяктагы киного тартылып, каяктагы ролдорду жаратат элем? Жолдошум мага ушундай шарт түзүп, мүмкүнчүлүк түзгөн үчүн кинолорго тартылып, сахнада алдыңкы образдарды жаратып жатсам керек. Эгерде ал тамагыңды жасап үйдө отурасың десе каршы чыга алат белем? Ага деле көнмөкмүн. Ал тескерисинче мени колдоп, төрөгөндө баламды көтөрүп алып иштеп жүргөндө үйдө отур бала менен дебей кошо баланы багышып, сахнага чыгып кетсем өзү асырап, каякка барсам балдарды өзү каралашып жардам берип келет.

– Арнис байке кызганчаакпы?

Альбина Имашова: – Ооба, кызганчаак. Кызганбайт деген болбойт болушу керек. Ар бир эле күйөө аялын кызганса керек. Кызганбайт деген күйөө болбосо керек. Бирок чыгармачылыкта кызганыч жок. Кандай гана образ жаратпайын өзү жардам берип, сахнадагы жашоону туура түшүнөт. Ал эми турмушта абдан кызганчаак.

Арнис Кыдырмышев: – Биздин кесип менен жашоонун принциптерин конкреттүү бөлүп алганбыз. Көп эле жерден сенин аялың башка бирөө менен сүйүшүп ойноп жатса кантип кызганбайсың деп сурай беришет. Андай сезимдер жок. Биз бул профессияны тандап алганбыз. Бул кесипке сүңгүп кирип, ушунча окугандан кийин түшүнүү менен мамиле кылышыбыз керек деп ойлойм. А театрдан, чыгармачылык жактан сырткары учурда жолдошу катары тизгинди жакшы эле тартам.

Маектешкен: Нуркыз Рыскул кызы

Булак: «Фабула»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: