Menu

Швецияда өзбекстандык жаран теракт үчүн жети жылга соттолду

Бөлүшүү:

Швеция башкалаасына жакын Солна округдук соту өзбекстандык 46 жаштагы адамды теракт даярдоого аракет кылганы үчүн жети жылга эркинен ажыратты. Мурдагы аты-жөнү Фархад Ташмухаммедов, азыркы ысымы Девид Идриссон камак мөөнөтүн өтөгөндөн кийин Швециядан депортацияланат.

Швеция прокуратурасынын маалыматына караганда, ал “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун мүчөсү менен такай байланышта болгон. Соттогу көрсөтмөлөргө ылайык, ал соода борборун жана темир жол бекетин жардырууну пландаган.

Швецияда терроризм боюнча айыпталып жаткан кыргыз жана өзбек жарандарынын соту 7-январда башталган. Алардын бешөө – өзбекстандык, бир адам – кыргызстандык. Бирок соттолуучулар айыптарды четке кагып жатышат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 16 = 21

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: