Кечээ, 4-декабрда Нью-Йорк – Баку каттамы боюнча Бакуга учуп келген КР Бажы кызматынын экс-төрагасы Адамкул Жунусов дароо Гейдар Алиев атындагы аэропорттон кармалган. Анткени кыргыз укук коргоо органдары интерпол аркылуу ага эл аралык издөө жарыялаган болчу. Бул тууралу КР Каржы полициясынын басма сөз кызматы бүгүн, 5-декабрда билдирди.
Адамкул Жунусовго үстүбүздөгү жылдын август айында КР Кылмыш-жаза кодексинин 304-кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу беренеси боюнча сыртынан айыбы угузулуп, Бишкектин Биринчи май райондук сотунун 28-августтагы чечими менен сыртынан камакка алуу боюнча өкүм чыккан.
Азыр Каржы полициясы Адамкул Жунусовду Азербайжандан Кыргызстанга экстрадиция кылуу боюнча аракеттерин баштады.
Эсиңиздерге сала кетсек, Адамкул Жунусов алгач Кыргызстанда кармалып, кийин түшүнүксүз жагдайда Кыргызстандан АКШга качып кеткен. Билермандар Жунусовдун качып кетүүсүн уюштургандар 2 млн доллар акы алышканын, анын ичинен 450 миң доллар ошол кездеги Каржы полициясынын ачендигине тийгенин, калган 1 млн 550 миң доллар жогорку жактагы төшү түктүүлөргө берилгенин айтып жүрүшөт.
Булак: Кyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ