Жогорку Кеӊештин Кыргызстан-Германия депутаттык достук тобунун мүчөлөрү бүгүн, 11-мартта Германия Федеративдүү Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин ыйгарым укуктуу өкүлү Михаэль Зилберт жана Германиянын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Моника Иверсен баштаган дипломаттар тобу менен жолугушуп, эки тараптуу кызматташтык мамилелердин келечеги жаатында пикир алышты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.
Депутат жакында КР Президенти Сооронбай Жээнбековдун Германияда иш сапары боло турганын эске салды. «Президентибиз иш сапарынын алкагында Германиянын Президенти жана Германиянын Канцлери менен жолугушат. Мындай жолугушуулар кыргыз-герман кызматташтык мамилелерин жаӊы баскычка көтөрөт деген ишенимде турабыз. Кыргызстан-Германия депутаттык достук тобунун мүчөлөрү да эки тараптуу байланыштардын жанданышына өз салымын кошо турганына тереӊ ишенем», – деп кошумчалады Айнуру Алтыбаева.
Ал эми Германия Тышкы иштер министрлигинин ыйгарым укуктуу өкүлү Михаэль Зилберт депутаттар тобуна жылуу кабыл алганы үчүн ыраазычылык билдирип, Германия Кыргызстандын баардык жакшы демилгелерин колдоого даяр экенин билдирди. «Биз Кыргызстан менен эки тараптуу да, көп таратуу форматта да тыгыз кызматташып, социалдык жана экономикалык багыттагы бир катар ири долбоорлорду ишке ашырып жатабыз. Айрыкча, акыркы жылдары каржы-техникалык долбоорлордун алкагында Кыргызстандын экономикасына ири көлөмдөгү гранттык каражаттар тартылууда», – деди ал.
Белгилей кетсек, жолугушууга кыргыз тараптан Кыргызстан-Германия депутаттык достук тобунун мүчөлөрү Айнуру Алтыбаева, Сайдулла Нышанов, Умбеталы Кыдыралиев, Жаныбек Бакчиев катышты.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ