Бүгүн, 11-мартта өткөн Соттордун ХI съездинде Президент Сооронбай Жээнбеков сотторго Мухаммед пайгамбардын хадисин айтып берди.
«Бүгүн мен силерге соттор жөнүндө хадисти айтып берейин деп чечтим. Хадиске ылайык, соттордун үч түрү бар. Алардын экөөсү тозокко, бирөө бейишке түшөт. Эгерде сот адилеттүү чечим чыгарса, анын орду бейиште. Ал эми чындыкты билбей, аны териштирбей туруп чечим чыгаргандар тозокко түшөт»,-деп билдирди Сооронбай Жээнбеков.
Өлкө башчы соттордун жоопкерчилигин эске салды.
«Силердин чечимиңерди эч ким өзгөртө албайт, жада калса мен. Өмүр кыска жана баардыгыбыз Жараткан алдында жооп берерибизди унутпашыңар керек»,-деди ал.
Булак:KyrgyzToday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ