Кыргызстан, Казакстан жана АКШ өлкөлөрү биргелешип тарткан “Апамды издейм” тасмасы эки айдан кийин Американын ири шаарларындагы кинотеатрларда көргөзүлө баштайт. Бул тууралуу тасманын продюссерлери Майкл Арк жана Эдгар Певснер билдирди. Комедия, драма жанры менен айкалышып тартылган тасма Кыргызстана өткөн жумадан баштап көргөзүлүп баштаса, Казакстанда чоң экранга 16-февралдан тарта чыгып баштаган. Ал эми апрелдин аягында Лос-Анжелес, Чикаго, Нью-Йорктун тургундары күбө боло алышаарын тасманын продюссери билдирген.
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ