Menu

Казакстандык суучул Словениядагы мелдеште төрт алтын медаль утту

Бөлүшүү:

Рио-де-Жанейро шаарында өткөн Олимп оюндарынын чемпиону, казакстандык суучул Дмитрий Баландин Словениядагы эл аралык мелдеште төртүнчү алтын медалын утту. Бул тууралуу Казакстандын Улуттук олимпиадалык комитети билдирди.

Маалыматка караганда, казак суучулу төртүнчү алтын медалын брасс ыкмасы менен 100 метрге сүзүү жарышындагы жеңиши үчүн алды. Ушул эле ыкма боюнча жарышта казакстандык Аделаида Пчелинцева экинчи орун алса, Диана Назарова 50 метрлик аралыкка чалкалап жарышууда биринчи орунга татыган.

Мурдараак Баландин суучулдар Александр Варакин, Адилбек Мусин, Адиль Каскабай менен биргеликте комбинациялык эстафета жарышында жеңишке жеткен.

Буга чейин 23 жаштагы Баландин 50 жана 200 метрлик аралыктагы жарыштарда биринчи келген. Словениянын Крань шаарында өтүп жаткан бул мелдештин жеңүүчүлөрүнө дүйнө биринчилигине жана Олимп оюндарына жолдомолор берилет.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 43 − 40 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: