Menu

“Чиновниктердин катасы толтура каты – Атамбаевдик кадр саясатынын кейиштүү абалы”

Бөлүшүү:

Расмий маалымат боюнча азыр Кыргызстанда 16 миң 955 мамлекеттик кызмат орду бар. Иш жүзүндө 15 миң 873 кызматкер иштеп жагат. Андан тышкары 8484 муниципалдык кызматкер бар. Бул кадрлар кесипкөй адистерби? Кандай иш алып барып жатышат? Көзөмөлдөгөн деле эч ким жок. Аларды коё туруп, сап башында, жогорку бийлик булактарында отурган министрлерибиз тууралуу кеп козгосок. Министрлер ишти жылдыралбай, иштин көзүн таппай сөгүш алып, спикерибиз сабатсыз… «Балык башынан сасыйт» деген макалга дал келип отурабыз. «Бүгүн кадр саясаты кандай ишке ашууда? Кандай абалда?» деген суроо менен айрым саясатчы, эксперттерге кайрылдык.

Ташполот Балтабаев, коомдук ишмер:

– Спикердин премьерге жазган катын окусаң эле кадр саясатынын акыбалын чагылдырып турат. Экономикалык саясат, социалдык саясат, ички-тышкы саясат кандай абалда экени айтылбайт. Дымыйт. Кеп жок. Эң негизгиси, эл оңолмоюнча саясат да, бийлик да оңолбойт. Бул аксиома. «Бузулган элге бучук бий» деп бабаларыбыз бекер айткан эмес.

Гүлмира Үмөталиева, журналист:

– Жогорку Кеңештин жүзү төраганын катындай болуп турат. «Кат жаздың мага катасы толтура»… деген ырдагыдай жашообуз катасыз болбой калды көрүнөт. Кечээ Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабековдун катасы толтура каты өкмөт башчысына жолдонгон. Демек, мындай “шедервлерди” кызматтык каттарды терсек эле тизилип чыгат. Дегеле, Дастан Жумабековду ката жазгандан мурда «ката сүйлөбө» деп тартипке чакырар киши жокпу? «Боюнча» деген сөздү «моюнча» деп айтканда, моюңдан толгоп туруп, «м» тыбышын «б» тыбышына оңдотуп койсо, сооп болоор беле? «Төрага» деп төргө өткөн соң, төрдү булгабай өз ишин дыкат аткаруусу керек да. Же ишим көп деп «сабатсыз» жардамчыларына ишениши керекпи? Суроо көп, бтрок жооп жок. «Факсимель» деп айтканы жоопкерчиликтен качканы. Негизи, Жогорку Кеңештин төрагасынын атынан өкмөткө жөнөтүлүп жаткан катына өзү гана кол коюш керек. Андай жетишпесе, төрага болуп төргө чыккандан көрө, «кнопка баскыч депутат» болуп, көптүн бири катары көрүнбөй жүргөнү артык го?.. Чындыгында, Дастан Жумабеков сыяктуу көп чиновниктердин сабаттуулугу күмөн санатат.

“Катанын башы кайда?” деген суроо жаралат. Бул коомубузда ката окуу китебин окуткандан уялбаган, «каталарды калем менен оңдоого убактым жок» деп текебер сүйлөп, терс тарбия берген билим берүү министри Гүлмира Кудайбердиевадан башталат… Ката жазып факсимелге шылтаган бүтүндөй парламент калкалаган эмдон башталат… «Аке-үкө» деп жек-жаатын иш билбесе Жогорку Кеңеш, Акүй-Көкүйгө сүйрөгөн трайбализмден башталат… Бизде күнөөсүн мойнуна алган эч ким жок. Андыктан, мындан ары дагы каталар менен каттар жазыла берет. А басма сөз кызматы «кантип коргосок?» деп баш оорутуп, жаманын жашырууга аракет жасай беришет. Бирок, шибегени капка канча катпа, акыры чыгары бышык…

Максат Мамытканов, «Чоң Казат» партиясынын лидери:

– Иш илгерилебей калды. Экономика жылбай жатат. Билим берүү системасында, саламаттык сактоо тармагында, кай жагын албайлы, маселелер көп. Ошон үчүн сөгүш алышууда. «Иштей турган кадрларды кайдан табабыз?» дегенге эч ким жооп таба албай жатат.

Кадрлар арбын. Жаштар, иштей турган тажрыйбасы барлар да бар. Бирок, биздин саясый система ошондой түзүлүп калган. Сен партияларга акча алып келбесең, партиялардын кожоюндарына иштебесең, ошол партиянын атынан бийликке бара албайсың – кеп ошондо. Саясый система бизди ушундай кырдаалга такап салды. Саясый системанын кризиси ушул.

Мисалы, сөгүш алган министрлер партиянын айткан нерсесин аткарышууда. Ошон үчүн партия аны эч нерсе кылбайт. Биздин өкмөттү, аткаруу бийлигин партиялар бөлүп алган. Демек, аткаруу бийлиги партиялардын ишин улантып келишет. Эгер партиянын камчысын чаап жатса, аны партия неге алмаштырат? Алмаштырбайт. Ошон үчүн Жогорку Кеңеш отурат. Бул система 2020-жылга чейин улана берет. Анткени Текебаевдин жазган Конституциясы боюнча 2020-жылга чейин саясый системаны биз өзгөртө албайбыз. Ошон үчүн эмки парламент шайлангандан кийин бул маселе чечилиши мүмкүн. Бирок ошол Жогорку Кеңешке ошондой көз карашы бар, бул кризистен чыгара турган депутаттар келе алабы? Бул башка көйгөй. Башка маселе.

Кайра бүгүнкүдөй парламент келбеши үчүн элдин аң-сезими өзгөрүшү шарт. Сиздин, биздин милдет – муну элге түшүндүрүү. Элге саясый жоопкерчилигин жеткириш керек. «Өз көмөчүнө күл тарткандарды» шайлай берсек, баардык тармактар, билим системасы, же айыл чарбасы жыргабай, ушундай абалда турмуш улана берет. Эл өзү ойлонгонду, шайлаганды үйрөнүш керек. Биздин саясый кризистин күчөгөнү ушундан болуп жатат.

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 21 − = 13

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: