Menu

«Манчестер Ситинин» каржылык ачык-айкындуулук эреже бузганы текшерилет

Бөлүшүү:

Европа футбол уюму (УЕФА) Англиянын «Манчестер Сити» клубуна карата каржылык ачык-айкындуулук эрежесин бузган деген шек менен расмий түрдө текшерүү башталганын жар салды. Бул тууралуу УЕФАнын расмий сайтында бүгүн жарыяланды. Териштирүүдө соңку кездердеги ЖМКларга чыккан маалыматтардын чын-төгүнү текшерилет.

«УЕФА мындан ары бул маселе боюнча комментарий бербейт. Тергөө жүрүүдө»,- деп айтылат маалыматта.

Эске сала кетсек, Football Leaks уюму 2018-жылы «Манчестер Сити» каржылык эреже бузууларды жасаганына байланышкан далилдерди ачыкка чыгарган. Эгерде айтылган айыптар далилденсе, Англиянын чемпиону европадагы кубоктук мелдештерден четтетилээри эскертилген. Англиянын «Манчестер Сити» командасынын кожоюну шейх Мансур болуп саналат.

Булак: «Мантыш»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 11 = 21

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: