Бүгүн, 12-мартта Атамбаевдик режимдин саясый туткуну Садыр Жапаровду Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы Бишкектеги N1-СИЗОго алып келишти. Бул тууралу анын тарапкерлери жана жактоочусу Шарабидин Токтосунов билдирди.
Шарабидин Токтосунов Садыр Жапаровго кирип, 1 саат сүйлөшүп олтуруп чыкканын жана ал апасынын каза болгондугуна байланыштуу көңүл айткандардын баарына ыраазычылык айтканын да кошумчалады.
Эсиңиздерге сала кетсек, 9-март күнү Садыр Жапаров көз жумган 87 жаштагы апасы Кадижа Максүтованы акыркы сапарга узатуу үчүн уруксат алып, ЖАМКнын күзөтчүлөрүнүн кайтаруусунда, ал жаза өтөп жаткан Чүй облусунун Молдовановка айылындагы абактан Түп районундагы Кең-Суу айылына жеткирилген болчу.
Булак: KyrgyzToday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ