Menu

Алмазбек Каримов, медиа-эксперт: “Атамбаев “керек болсо түштүгүңдү бөлүп ал” дегенге чейин барган…”

Бөлүшүү:

– Алмазбек мырза, Курманбак Бвкиевдин иниси Адылбек Бакиев 2010-жылкы революцияда бийликти сактап калуу учүн ок аттырышпаганын айтып, Форум тараптан элге атайын курал бөрилгенин айтыптыр. Бирок, Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү андай болбогонун айтышат. Сиз кимисинин айтканына ынанасыз?

– Ар ким өзүнө ыңгайлуу сөздөрдү айтып, андай эмес, мыңдай деп коңгуроо кага берет. 7-апрелде төңкөрүш болуп, уюштуруучулар тараптанбы же капыстанбы айтор, эл куралданган. Бийликти коргойбуз деген күч органдары да курал менен турушкан. Бирок, бул төңкөрүшкө демөөрчү болгондор Талас тараптан эки “Камаз” курал алып келген деген да маалыматтарды уккам. Ушул жагын эске алганда, курал кимдир бирөөлөр тарабынан таралганбы деген ойго ишенип кетесиң.

– Атамбаев “миң киши өлсө эч нерсе эмес, эң башкысы бийликти алабыз”-деп айтканын Феликс Кулов да китебине жазган экен. Ал сөздүн чындыгы барбы? Же Атамбаевди каралоо үчүн жөн эле жалаа жаап жатышабы?

– Атамбаев революцияга демөөрчүлөр болгон деп мойнуна алган жайы бар. Журналист Ырысбек Өмүрзаков “орустар уюштурган” деп китебине жазган. Бакиевдин сырткы саясаты кээ бир күчтүү державаларга жакпай калып, Бакиевдин бийлигине каршы чыга турган Атамбаевди таап, аны колдоого алышса керек. Негизи китепке жазылган сөздөр жөн жерден жазылбайт. Анткени алар көркөм адабият эмес, аналитика, тарых.

Бийликке мас болгон, бийлик көзүнөн учкан адамдар бийликсиз калганда “көп болсо миң адам өлөт”- деген лозунгдарды байкабай айтып жибериши да мүмкүн. Чынында Атамбаев учурунда андан да жаман сөздөрдү айткан. “Керек болсо түштүгүңдү бөлүп ал” дегенге чейин барган. Ошон үчүн мындай сөздөрдү мезгилинде айтса айткандыр деп ойлойм. Кулов да бир билгени бар үчүн жазгандыр да.

– Бакиевдин доорунда мамлекет үчүн пайдалуу иштер жасалды беле же Атамбаевдин доорунда колдоого алчу иштер көп жасалдыбы?

– Бакиевдин убагында өзүбүздүн дүң продукциябыз көбөйгөн. Көрмөксөн болсок да, экономика жогорулаган. Айлык акы, пенсиялар көтөрүлгөн. Курулуш иштери жанданган. Атамбаевдин убагында болсо, экономикабыз “Кудай буюрса” деген сөздөй эле болду. Экономика өсмөк турсун, артка кетти. Азыркы президент мамлекет башчылыгына өтө оор абалда келди. Себеби, Атамбаевдин убагында экономика өлдү. Экономикасы төмөн мамлекет мамлекет эмес. Көз каранды тилемчи мамлекет болот. Ал жактан бул жактан суранып алып келген акчаны инвестиция эмес кредитке келген акча деп, туура эмес пайдалана бергендин азыр кесепетин тартып жатабыз. Бюджетти толуктай турган экономикалык блок болсо, бюджетти толтура албай аргасы кетип, айып пулдарды ашыкча жогору жазып, элдин жонунан кайыш тилип жатышат. Мурда иштеп кеткен эки президенттин ишин салыштырып көргөндө Бакиевдин убагында мамлекетте алдыга жылыш болгону байкалат. Мен Бакиевди келсин деп же аны сагынып жаткан жокмун. Атамбаев ал баштаган иштерди эле бүтүрүп, ал жолго салган схемаларды эле ишке ашырып, иштемиш болгонун айткым келет. Маселен, Атамбаев ЦАРИИнин схемасы менен эле иштеп, ал турсун ал схеманын да ашмалтайын чыгарды. Бакиев революциялык жол менен бийликтен кеткен үчүн анын жакшы иштери айтылбай, коомчулукта байкалбай калды. Атамбаев мен кыйраттым деген 145 мектепке да Бакиевдин убагындагы бюджеттен акча бөлүнгөн. Бакиев баштаган мектептердин кызыл лентасын Отунбаева менен Атамбаев кести. Төңкөрүш менен бийликке келген үчүн жеңиш Атамбаев тарапта болуп, мурунку бийликтин мактоого арзый турган көп жакшы иштери көз жаздымда калды.

Маектешкен: Чынайым Кутманалиева

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 20 − = 16

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: