Menu

Владимир Путин жүзгө чыккан панфиловчу менен жолукмакчы

Бөлүшүү:

Конуш которгон сайын кошуналар жаӊылана берет эмеспи. Атам алып берген, Өкмөт берген, кийин өзүм сатып алган үйлөрдөн көчүп-конуп жүрүп, үч жыл мурун кызыма жакындап конгон жерим Бишкектин чок ортосунда. Өмүр бою ырларын оозуман түшүрбөгөн Токтогул менен Тоголок Молдо аталарым да Кетмен төбө менен Курткадан келип кезигишип турган жердемин. Заманбап салынган 10 кабат үйлөрдүн биринде ушул жумада 100гө толуп, укум-тукуму да өсүп отуруп, жүзгө жакын болуп турган панфиловчу-ардагер Токой ата менен кошуна турабыз. Бул кишинин басып өткөн жолу жомок, ал тууралуу китеп жазып, кино тартса да болот.

Кечкисин дайыма бир маал сейилдегени короого чыгат. Ошол учурда мен да жумуштан келаткан болом. Өтө тамашакөй адам. Мени күтөөрүн билип, иштен кийин ойной калчу шахматымды таштап, ата досума шашып турам. Короонун, дарбазанын, лифттин, үйүнүн эшиктеринин чип ачкычтарын эч кимдин жардамы жок эле колдонуп, 6-кабаттан электр араба менен өзү түшүп келет. Таягы жок эле басып жүрөт, дени сак, кулагы, көзү, кан басымы, ички аппараты, баары жайында. Тамакты ылгабайт. Майрам деген тарбиясы, адамгерчилиги керемет кызынын колунда. Жаш эттен кыргыздын шорпо-шилеӊин, ар кандай буламык-ботколорду, салаттарды жасап берип, бирөөлөргө атайлап даярдаткан куурма чай, тару бозо, казы-карта дегендерди үзбөй берет. Кечки тамактын алдында кыргыз коньягынан 40, 50 граммча кылт эттирип коймою да бар. Бул жагынан баладай карап, багуусу жакшы. Жылда августтун башында жыйырма күнгө Жыргалаӊга барат. Ал жерде да денесин укалап, ылайга оонатып, сыйлап турган кыз-келиндери бар. Байыркы Сексенбай, Токсонбайлар дегендер ушундай карыяларыбыздан төрөлсө керек.

— Азап-тозокту аябай эле көрүптүрсүз, согушта аз эле жерден ажалдан калган экенсиз, узак жашап, сак-саламат жүргөнүӊүздүн сыры эмнеде десем, мени күлдүрөйүн дедиби же болгон ишпи, мындай деди:

— Апам түйшүгү көп, такыр колу бошобогон киши экен, мени деле оӊдуу эмизбептир. Мен чоӊ атамдын эмчегин эмип чоӊойдум. Мени ар балээден калкалап жүргөн ошол го деп ойлойм. Эмгектенгенди эӊ жакшы көрөм. Өмүр бою тынбай кыймылдап жүрдүм. Азыр кабат үйдө камалып калган үчүн, ишим жок калдым. Андыктан күнүгө эрте туруп, муздак сууга жуунуп сергийм, сакал-мурутумду алып тазаланам. Ошондон кийин аталарымдын, агаларымдын баарына, байбичеме багыштап куран окуйм. Ушул милдетимди жасагандан кийин гана чайга отурам.

Токой атанын киндик каны тамган жери Чоӊ Кемин. Уруусу ак сөөктөр арбын чыккан Cарбагыш. Атасы малчы экен, төрт баланын улуусу болгондуктан, окутайын деп курулуш техникумуна берет. Жаңы эле окуй баштаганда 1938-жылы аскерге алынат. Кетейин деп турганда согуш чыгып кетип, генерал Панфиловдун 8-гвардиялык дивизиясында кызмат өтөйт. 1942-жылдын башында Улуу Ата Мекендик майдандын тагдыры кылычтын мизинде кылтылдап турганда Старый Рустун алдындагы салгылашууда оор жарадар болот. Катуу жарылуудан кайыган минанын сыныгы маӊдай сөөгүнүн алакандын отундай жерин жулуп кеткен экен. Көп кан кетип, тилден калган соӊ, мээсине оор операция жасалып, госпиталдан госпиталга которулуп отуруп 9 ай бою эс учуна келе албаганда, мындай жараттан адам болбойт деп, Чоӊ Кеминге «кара кагаз» жөнөтүшүптүр. Ажал жок болсо, айла жок дегендей, акырында көзүн ачып, оӊолгонсуп калганда, өлсө да үйүнө жетип өлсүн, деп өлүмдүн оозунан кайткан жоокерди айылына жөнөтүшүптүр жетимиш беш жылдан бери башындагы баланын муштумундай чуңкурдан мээси кирип-чыгып былкылдап турганын көрүп катуу таң калдым. Согуштун тагы.

Бала-бакыра менен катын-калачтан башка эч ким калбаган оорукта эӊ оор мезгилде жарадар жоокер айыл-чарба шаймандарын оӊдоп, механизаторлукту колго алат. Үйлөнүп, бир эркектүү болгондо жолдошум оорудан оӊоло албай өтүп кетти. Баланы эжем багып, бой жүргөн күндөрүмдүн биринде коӊшу айылдан бир келин менен таанышып калдым; — ​дейт Токой ата. Анын да өмүрлүк жолдошу согуштан кайтпай калып башы бош экен. «Эки бакыр, бир тукур» дегендей, баш кошуп алалы десем: — ​айылда келин-кыз толуп жүрбөйбү, менин 5 балам бар, сага убал болот, чыдабайсын; — ​деди. Кеӊешейин деп тоого атама келсем, 5 баланын да өз ырыскысы болот, көӊүлүӊө жакса ала бер — ​деп койду. Ошентип, Айша менен оор учурда баш кошуп, дагы 2 балалуу болдук. Айылга чоӊ там салып, балдарды окуталы деп кийин Фрунзеге келип, 48 жыл бою көз өтүп кеткиче абдан ынтымактуу, ысык жашадык. Экөөбүз заводдо жарыша иштедик, үй беришти, шаарга депутат болдум. Эӊсеген максатыма жетип балдарымдын баарын эч нерседен кем кылбай окуттум, баарысы жогорку билимдүү болушту. Баарысын эле бирдей көрөм, бирок эӊ мыктысы Ташкул (сөз коомдук ишмер жана белгилүү меценат Т. Керексизов жөнүндө). Мен ага абдан ыраазымын, берген тарбиям бекер кеткен жок. Биз баш кошкондо 3 жаштагы тили сайрап турган тирикарак наристе бүгүн бүт Кыргызстанга таанымал адам болду. Ал бойго жеткен учурда мага Фрунзе заводу жаӊы эле берген «волга» менен Нарындан колуктусун алып келди. Чоӊ кызматтарда турганда, пенсиям жетип-ашат, десем болбой, ай сайын шоопурунан жүз доллар берип ийчү.

Токой атабыз өтөлгөлүү өмүр жолунда мал багып, дыйканчылык кылып, тракторчу, комбайнчы, бульдозорчу болгон, токарлыкты да өздөштүргөн. Ушунун баардыгы түтүн, чаӊ менен байланышкан оор кара жумуштар. Бирок, өзү айткандай өпкө-жүрөгү таза. Кылым карыткан бактылуу карыянын узак жашоосунун сырын биринчи кезекте коом үчүн пайда келтирген, өзүнө канааттануу, ырахат, үзүр берген майнаптуу ак эмгектен; экинчиси, үй-бүлөдөгү бекем ынтымактан, өз ара сыйдан го деп ойлойм.Үчүнчүсү бул кишиде ичи тардык, көрө албастык, деген желмогуздар таптакыр жок. Өтө боорукер. Оозунан бир жаман сөз чыкканын укпайсын.

Баса, орустун Президенти В. Путин жеӊиштин 70 жылдыгына байланыштуу аягы таптакыр эле суюлуп, бирин-сериндеп калган майдангерлердин катарында Кыргызстандан эки адамга жөнөткөн куттуктоо кат Кремлден келген экен. Мындай бактылуу атанын балдарына кошулуп, аны тааныган билгендердин баардыгы 100 жашы менен куттуктап турган учуру. Угушумда ушул жолку келишинде орус президенти атактуу панфиловчу менен жолугат экен деп, тийиштүү даярдыктар кызуу көрүлүүдө.

Аалы Молдоканов,

Кыргыз республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер

Ссср журналисттер союзунун мүчөсү.

Булак: “Ачык сөз”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + 5 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: