Menu

Өзбекстанда муфтийдин орун басары камакка алынганы кабарланууда

Бөлүшүү:

Өзбекстандын Мусулмандар дин башкармалыгынын төрага орун басары Дильшод Хашимов экономикалык кылмыштарга айыпталып камакка алынды. Бул тууралуу өзбек өкмөтүндөгү өз булактар кабарлашты.

Маалыматка караганда, ал Мусулмандар дин башкармалыгынын алдындагы «Вакф» кайрымдуулук фондунун «акчасын уурдаган» жана «кызмат абалын кыянат пайдаланган» деп айыпталууда.

​«Вакф» фонду президент Шавкат Мирзиёевдин жарылыгы менен былтыр апрелде ачылган. Андан соң мамлекет тарабынан мечиттерди куруу, оңдоо жана реконструкциялоо иштери үчүн фондго ири өлчөмдө акча бөлүнгөн.

Марттын башында өлкөнүн Маданият министрлиги «Вакф» фондунун балансына өткөрүлгөн тарыхый эстеликтер талоонго алынып, начар абалга кептелгенин билдирген.

Маалыматтарга караганда, учурда укук коргоо органдары аталган фонддун карамагына өткөн кыймылсыз мүлктөргө жана каражаттарга байланышкан коррупциялык схемаларды текшерип жатат.

Өлкөнүн Улуттук коопсуздук кызматында иштеген Дильшод Хашимов Мусулмандар дин башкармалыгынын төрагасынын орун басары кызматына былтыр августта дайындалган. 2015-жылы маркум президент Ислам Каримовдун жарлыгы менен ал «Жасорат» (Эрдик үчүн) медалы менен сыйланган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 33 − 31 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: