Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгү билдиргендей, спорттук иш-чара залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата уюштурулууда. Мелдештер Ош шаарындагы «Төлөйкөн» ат майданында 29-октябрда башталып, 3-ноябрга чейин уланат. Оюндарга өлкөнүн ар кайсы аймактарынан 9 команда катышат. Байге фонду эки миллион сом. Иш-чаранын алкагында «Жаныбарым Гүлсары» деп аталган ат оюндары да болот. Чыңгыз Айтматовдун көзү тирүү болгондо быйыл 12-декабрда 90 жашка чыкмак.
Булак: «Мантыш»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ