Түркиянын транспорт, кеме жана байланыш министри Бинали Йылдырым Адилеттик жана өнүгүү партиясынын төрагалыгына көрсөтүлгөн жападан-жалгыз талапкер болуп калды.
РИА Новости маалымдагандай, бул туурасында аталган партиянын басма сөз катчысы Омер Челик партия башкармалыгынын кеңешинин 19-майда өткөн отуруму аяктагандан кийин билдирген.
Түркиянын башкаруучу партиясынын лидери салтка ылайык премьер-министр болуп дайындалат.
«Бинали Йылдырымдын талапкерлиги жекшембиге белгиленген партиянын съездинде каралат”, – деди Челик.
Йылдырым 2002-жылы Түркиянын парламентине Адилеттик жана өнүгүү партиясынын атынан шайланган. Андан кийин 13 жыл бою Түркиянын транспорт министри кызматын аркалап келген.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ