Menu

Алга, Алга Атамбаевди “жалма”

Бөлүшүү:

Атамбаевдин айланасында ага ишенимдүү тирек болуп бере тургандардан Ирина Карамушкина, Асел Кодуранова жана Кундуз Жолдубаевалар эле калганын айткандар көп болгон. Алга Кылычев баштаган эркектер деле Атамбаев абакка кирип кеткенче жанында болгону менен аларга ишенимдин аз экенин айтышкан. Эл эмне десе эле ошол болуп калаарын турмуш өзү ырастап келет. Айтылган сөздөр ачыкка чыгып жатабы же баягы эле баш айлантма сөздөрбү, айтор Алга Кылычев Атамбаевди сатып, ага карата каршы көрсөтмөлөрдү бергени тууралуу сөз жүрүүдө. Атамбаевди мактап, жактап, ага сөз тийгизбеген Алга Кылычев да бүгүнкү күндө тергөөдө Атамбаевге каршы көрсөтмө берип, укук коргоо органдары менен кызматташып жатканын Атамбаевдин жактоочусу Замир Жоошев айтып чыкты. Ал өз сөзүндө: “Балким, Кылычев тергөөчүлөр менен келишим түзгөн болушу мүмкүн. Ал Атамбаев бийликти басып алууну каалаган. Кундуз Жолдубаева, Амантур Жамгарчиев, Мээрбек Мискенбаев, Канат Сагымбаевдер башаламандык уюштурган “Альфанын” кызматкерлерин туткунга алышкан” — деп көрсөтмө берип жатат деп белгилеген. Эмнеси болсо да ал азыр абакта. Айта турган баягы трибунасы деле жок. Эмне деп айтса да, эмне кылса да кызылдардын кыл жип менен бууган бүтүмүнө жараша болот. Атамбаев үчүн алгалап бара жаткандардын акыркысы Алга эмес, аздыр көптүр адамдар бар. Алары эмне дейт, аны да көрө жатаарбыз.

Булак: «Факты.kg»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 7 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: