Menu

Казакстандык банк Трамптын мурдагы жардамчысы Феликс Сатерди сотко берди

Бөлүшүү:

Казакстанда БТА банк АКШнын президенти Дональд Трамптын жардамчысына каршы доо арыз жазды.

Манхэттендин федералдык сотуна жөнөтүлгөн доо арызда Феликс Сатер банктан чыгарылып кеткен каражаттарды Москвадагы Trump Tower имаратынын курулушуна жумшаганы жазылган.

Доо Трамп менен курулуш тармагында кызматташкан ФБРдин мурдагы информатору Феликс Сатерге багытталган.

Арыз БТА банктын мурдагы төрагасы Мухтар Аблязовго дагы тиешелүү. Казак бийлиги билдиргендей, ал банктан 4 миллиард долларды мыйзамсыз түрдө чыгарып кеткен. Сотко жеткен маалыматтар боюнча Аблязовдун күйөө баласы Ильяс Храпунов дагы банктан уурдалган каражаттардын бир бөлүгүн “адалдоого” катышкан.

БТА банкынын арызында Сатер 2011-жылдан тарта Аблязов жана Храпуновго 40 миллион долларды “адалдоого” жардам бергени айтылат.

Сатер БТА банкын айыптоолорун четке какты. Анын айтымында, банк активдерин кайтаруу үчүн анын компаниясын жалдаган жана карыз болуп калган.

БТА банктын доо арызында “Сатер Ильяс Храпунов менен кутума барып, уурдалган активдерди Орусиядагы Trump Tower долбоорун өнүктүрүүгө жумшамак. Бул алгылыктуу киреше алып келген элиталык долбоор болмок” деп айтылат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: