Бүгүн, 8-февраль күнү “Дасмия” этно комплексинде элдик курултай өтүп жатат. Курултайга 500дөн ашык делегат катышып жатат.
Курултайда 3 маселе: 1) Конституциялык реформа өткөзүү жана кен-байлыктарды элдин кызыкчылыгына иштетүү; 2) 2019-жылдын 7-8-августунда Кой-Таш айылында болгон окуяларды иликтөө боюнча Коомдук комиссиянын корутундусу; 3) Сот реформасы жана коррупция менен күрөшүүнүн жолдору каралат.
Белгилей кетсек, бүгүнкү курултайга саясий, коомдук ишмерлер жана бийлик бутактарынын бардык өкүлдөрү чакырылган.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ