Menu

13 жаштагы Бекназ Түркияны таң калтырды

Бөлүшүү:

Түркиянын “Галатасарай” футбол клубунун жаштар командасында ойногон 13 жаштагы кыргызстандык Бекназ Алмазбековду ушул күндөрү түрк медиасы укумуш жарнамалап, футбол жылдызына теңеп койду. Анткени өткөн жекшемби күнү ал команданын капитаны болгон “Галатасарайдын” 14 жашка чейинки оюнчулары “Стамбулспорт” командасы менен беттешкен. Оюндун 42-мүнөтүндө Бекназ чабуул коюп баратып, атаандашын алдоо учурунда жыгылып кеткенде калыс пенальти дайындаган. Бирок Бекназ топту дарбазага тебүүнүн ордуна пенальти болбогонун айтып, көрүүчүлөрдү да, атаандаштарын да таң калтырды.

Бирок калыс чечимин өзгөртпөй, пенальти тептиргенде Бекназ буга каршылык билдирип, топту дарбазага эмес, четке тээп койду. Кыргызстандык жаш футболчунун бул аракетин атаандаштары да кол чаап кубаттап, түрк медиасы жаш футболчу үлгү көрсөткөнүн жазууда.

Бул оюнда Бекназ бир гол киргизип, 2-0 эсеби менен “Галатасарай” жеңүүчү болгон. Чындап эле футболдун тарыхында өзүн буттан чалып жыгыткан атаандашына калыс туура эмес айып белгиледи деп, болгондо да пенальти тебүүдөн баш тарткан оюнчулар чанда кездешет. Ал эми 13 жашар кыргыз баласы Бекназ калыска карата мындай күтүлбөгөн каршылыгын билдирүү менен бүтүндөй эле кыргыз элинин айкөлдүгү менен адилеттүүлүгүн далилдеп койду десек болот.

ЬІлайым эле Бекназ мыкты оюнчу болуп, Рональдо, Мессидей дүйнөлүк футбол жылдызына айланып, Кыргызстандын намысына жараган азамат болсун.

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: