Ашхабаддагы почта бөлүмдөрү 27-февралдан тарта Орусияга жөнөтүлө турган посылкаларды кабыл алууну токтотту. Бул тууралуу «Эркин Европа» радиосунун түркмөн кызматы жазды.
«Түркмөнпочтасы» ишканасынын башкы кеңсесинен Түркмөнстандан Орусияга посылка жөнөтүү токтотулганын ырасташты.
Орусия тараптын маалыматына караганда, Түркмөнстандан EMS экспресс-жөнөтүүлөрдү кабыл алуу гана токтотулган. Ал эми каттар жана майда посылкалар адаттагы режимде кабыл алынууда. «EMS кооперативинин алкагындагы эсептешүүлөрдүн жыйынтыгында түркмөн тарап карыз болуп калып, посылкаларды кабыл алуу токтотулган. Кабыл алуу Түркмөнстан карыздан кутулгандан кийин калыбына келет. Учурда каттар жана майда посылкалар адаттагы режимде кабыл алынууда», — деп билдиришти «Орусия почтасынын» басма сөз кызматынан.
Түркмөнстандагы почталар кардарларына Орусияга посылкалардын кабыл алынбай жатышынын себептерин түшүндүрүшкөн жок.
Түркмөнстанда почта кызматтарын «Түркмөнпочта» мамлекеттик байланыш кызматы менен EMS эл аралык экспресс-почта кызматынын бөлүмдөрү көрсөтүшөт.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ