Menu

Зайнидиндин “акылына” ким муктаж?

Бөлүшүү:

Кыргыз элине кыйла кыргын салып, акыры Батькага баш калкалап кеткен Бакиевдин «Ак жол» партиясынын мүчөсү, бул партиянын атынан депутат, акырында спикерликке чейин көтөрүлгөн Зайнидин Курманов деген бирөө бар. Бакиев качканы Курманов да куйругун кыпчып, дайыны чыкпай, бир нече ай казак досторунда «аргасыз мейман» болуп келген. Эми эски жаралар унутулуп, заман тынчыганы Зайнидин мырза да баш көтөрдү. Өзүн серепчи катары таанып жүргөн Зайнидин Курманов туш келди жерге өзүнүн саясий серебин саймедиреп жүрөт. Анан канткенде өнүгөбүз деген темада акыл үйрөтсө жанына тура албайсың. «Анча кыйын, акылдуу болсо «Ак жолдун» атынан депутат, спикер болуп жүргөндө эмнеге Кыргызстанды батып бара жаткан саздан куткара алган жок?» деген жөпжөнөкөй суроо туулат. Же жооптуу кызматта жүрүп, көзү көрбөгөн кемчиликтерди эми гана көрүп калыптырбы. Курманов өңдүү «саясий критке» кеткендер бакылдап акылдуусунбай эле койсо дурус болоор беле?!

Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 22 − = 14

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: