Menu

Орусия Казакстанга зениттик ракеталарды берет

Бөлүшүү:

Орусия Казакстанга беш С-300 комплекси менен 170 зениттик ракетаны  берүү иштерин аягына чыгаруу алдында. Бул тууралуу Казакстандын Коргоо министрлиги билдирет.

Астанада бүгүн Казакстандын коргоо министри Имангали Тасмагамбетов менен Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу жолукту. Ал аталган өлкөдө кыска мөөнөттүү иш сапары менен жүрөт.

Казакстандын Коргоо министрлигинин маалымат кызматы кабарлагандай, тараптар жакынкы келечектеги кызматташтыкты талкуулашты. Анын ичинде ЖККУга мүчө өлкөлөр ортосунда аскердик керектөөлөргө багытталган техникаларды жеткирүү жолдорун жеңилдете турган эл аралык келишим түзүү керектиги жөнүндө сөз жүрдү.

Басма сөз кызматы кабарлагандай, Балкаш түйүнүн колдонуунун жаңы шарттары боюнча келишим ратификацияланды. Казак коргоо министри Тасмагамбетов аскердик-техникалык жаатта биргеликте иштөө үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр ачылганын белгиледи.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 38 − 31 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: