Menu

Нур-Султанда Настоящее Времянын журналисти кармалды

Бөлүшүү:

31-мартта Настоящее Время телеканалынын кабарчысы Светлана Глушкованы Нур-Султан шаарындагы аэропорттон кармашты. Ал имараттын ичинде төрт сааттан ашык болуп, андан соң сотко чакыруу алды.

Журналист Нур-Султанга Алматыдан келе жаткан. Адвокат Бауыржан Азанов чакырылгандан кийин полиция кызматкерлери Светлана Глушковага карата административдик мыйзам бузуулар боюнча протокол түзүштү.

Полиция кызматкерлеринин бири журналистке байланыштуу иш 22-марттан бери создугуп келе жатканын айтты. Ал күнү Казакстан борбору Астананы Нур-Султан кылып өзгөртүүгө каршы чыккан онго жакын кишини полиция кармап кеткен. Алардын арасында Светлана Глушкова да болгон.

Анда журналистти полиция бөлүмүндө беш саат кармашып, андан соң айып коюп же протокол түзбөстөн кое беришкен.

Аэропортто тартип сакчылар төрт саатка созулган териштирүүдөн кийин Глушковага соттун чакыруусун беришти, талап боюнча ал 1-апрелде Нур-Султан шаарынын Сары-Арка районунун административдик сотуна келиши керек.

Казакстанда полиция калктын нааразычылыгын чагылдырган журналисттерди кармап кетүүдө.

20-мартта Казакстан парламенти дароо төрт окуудан Астананы Нур-Султан кылып өзгөртүү чечимин кабыл алган. Бул сунуш жаңы президент Касым-Жомарт Токаевге таандык. Борбор калаанын атын өзгөртүүгө каршы Алматы менен Астанада нааразылык акциялары өткөн. Полиция 30дай кишини кармап кеткен.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 68 − = 59

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: