Бир кезде өзүн Оштун кожоюну эсептеп, борбордук бийликти тоготпогон текеберлиги башына муш болгон Мелис Мырзакматов учурда козголгон кылмыш ишине жооп берүүдөн качып чет өлкөдө жүрөт. Ак болсо келип актыгын далилдеш керек болчу. Бийлик деле алмашты. Бирок Мырзакматов андай кылайын деген жок. “Ууру мышыкчасынан” президент Сооронбай Жээнбеков Түркияга барганда жолугушууга аракет кылып, майнап чыгара албады. Бирок анысын жымсалдап, “Буйрукту карасаңыз, отелдин 10-кабатында Сооронбай Шарипович, 9-кабатында мен жатып калыпмын” -деп президент менен бир мейманканага жатып калганын жөн гана дал келүү катары сыпаттады.
Булак: «Фабула»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ