Menu

Фото – Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Баткен облусунун активине Өкмөттүн жаңы ыйгарым укуктуу өкүлү Акрам Мадумаровду тааныштырды

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы  жаңы дайындалган ыйгарым укуктуу өкүлү Акрам Мадумаровду Баткен облусунун активине тааныштырды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Өкмөт башчы өзгөчө белгилегендей, Баткен облусу географиялык жайгашуу орду жана жаратылыш шарттарынан улам стратегиялык аймак болуп саналат, буга байланыштуу облустун жетекчилигинин алдында өзгөчө  милдеттер коюлган, аны маселени терең түшүнгөн адам гана чече алат.

Премьер-министр белгилегендей, жаңы ыйгарым укуктуу өкүлдү дайындоодо анын эмгек жолу жана топтогон тажрыйбасы эске алынган.

«Акрам Мадумаров облустун эң ири району Кадамжай районунун акими болуп иштеген. Ошондой эле борбордук бийлик органдарында жетекчилик кызматтарда эмгектенген. Ал аймактын көйгөйлөрүн, оруналган маселелердин маңызын жакшы билет, анын дайындалышы Баткен облусун мындан ары карайөнүктүрүүдө кызмат өтөйт деп ишенем», – деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Өкмөт башчынын айтымында, облустун жаңы жетекчиси социалдык көйгөйлөргө жана чек аралык кызматташуу маселелерине биринчи кезекте көңүл бурууга тийиш.

Ошондой эле Премьер-министр аймактын мурдагы жетекчисинин ишине ыраазычылык билдирип, ага бекем ден соолук жана ийгиликтерди каалады.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 33 + = 37

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: