Menu

Жылдызбек Музуратбеков, Талас облусунун “Көк бөрү” федерациясынын президенти: “Ынтымак” командасынын курамы 40 пайызга жаңыланды”

Бөлүшүү:

-Жылдыз мырза, редакциябызга кош келдиңиз. Алгачкы суроону “Ынтымак” командасынын акыркы эле Нооруз майрамында кайрадан чемпион аталышын сырларынан баштасак.

-Нооруз турниринин чемпиону “Ынтымак” командасы тууралуу айта турган болсок, бул команда Талас облустук ошол эле маалда клубдук да команда болуп эсептелинет. Команданын курамы тууралуу айта турган болсом. Курамды Талас облусунда ар бир райондо болуп өткөн шерине турниринен кийин, эң мыкты улакчылар менен аттарды тандайбыз. Бул биздин бир нече жылдан берип болуп келген тажрыйбабыз деп эсептейм. Жыйынтыгын көрүп жатасыздар жакшы жыйынтык берип жатат. Быйыл командада көп жаңылыктар болду. Мисалы, курамыбыз 40 пайызга жаңы оюнчулар менен жаңыланды. Алар, Табышев Астаркул, Дастан Сагынбек уулу, Мырзабек уулу Аудасбек, Адилет Талантбек уулу. Андан тышкары легендарлуу “Ахиллес”, “Геркулес” аттарынан тышкары бир топ жаңы аргымактарды алдык. Атайын Нооруз турнирине деп “Амадор”, “Байрак”, “Чагылган”, “Десятка” деген аргымактарды сатып алдык. Даярдык бир ай мурун башталган. Бир айдын ичинде аттарды суутуп, балдарды машыктырып ушундай жакшы жыйынтыкка жетип олтурабыз.

– Эки лигага бөлүп ойноонун жыйынтыктары кандай экен?

– Оюндар Жогорку жана Биринчи лига болуп экиге бөлүнүп аттарга жакшы болду. Себеби, буга чейин бир эле лига болуп 4-5 оюнга чейин ойноп аттарыбыз кыйналып, травма алып калчы. Азыр эки же үч оюн болуп аттарыбызга жана балдарыбызга жакшы болду.

– Талас облусунан бул турнирге канча команда келди? Ийгиликтери кандай болду?

– Бул турнирге жалпы беш командабыз катышты. Жогорку лигага “Ынтымак” жана “Бакубат Талас” командасы, биринчи лигага “Кара-Буура”, “Намыс” жана “Алкан ата” командалары катышты. Жыйынтыктары тууралуу айтсам, ынтымак, достук жана биримдикгин арты менен “Алкан ата” командасы биринчи лигадан чемпион аталса, “Бакубат Талас” командасы жогорку лигада байгелүү 3-орунду алды. “Ынтымак” командасы 2019-жылдын Нооруз турниринин абсолютгук чемпиону аталды. Бул жеңишибиз тарыхта ташка тамга баскандай белгиленип кала бермекчи. Колдон келишинче көк бөрүнү облустук деңгээлден бийик деңгээлге чыгарууга аракет кылуудабыз. Алсак былтыр Чүй-Талас ынтымагы турнирин райондук форматта өткөргөнбүз. Эми быйыл айылдык форматта уюштурсакпы деген тилегибиз бар. “Реал Мадрид”, “Барселона” деген дүйнөлүк командалар сыяктуу кылып мыкты көк бөрү командасын түзсөк неге болбосун.

– Ал үчүн алгач эмнелерге басым жасап, кандай өзгөртүүлөрдү кылсак деген ойдосуз?

-“Көк бөрү” кыргыз спортунун жүзү. Республикалык федерация менен биргеликте көк бөрүнү дүйнөлүк деңгээлге алып чыксак деген оюбуз бар. Акыркы убактарда байкасаңыздар, көк бөрү саясатташып баратат. Менин оюмча мындай көрүнүш табигый көрүнүш деп эсептейм. Көк бөрүнү эл аралык деңгээлге көтөрүш үчүн стратегиялык пландарды түзүп, тайказанды коопсуз өзгөртүш керектигин белгилегим келет. Оюн эрежелери боюнча айтсам, кооптуу учурларды алдын алып эрежелердин үстүндө иш алып барыш керек.

– Тайказан кандай болушу шарт деп ойлойсуз?

-Тайказанга миллиондогон каражаттарды коротпой, биздин табиятыбызга төп келген, балдарыбыз коопсуз болгон тайказанды ушул күнгө чейин таба элекпиз. Бул жалпы эле “”Көк бөрү” федерациясынын шалаакылыгы деп ойлойм. Анткени, мамлекеттик деңгээлдеги оюндар өтүп жатса, мамлекет көк бөрүнү колдоп жатышса, бир тайказаныбызды оңдой албай койдук. Келечекте көк бөрүчүлөргө, аттарга коопсуз тайказанды иштеп чыксак жакшы болмок. Тайказандан алган жаракаттар көк бөрүнүн келечегине балта чабат деп ойлойм. Коопсуз тайказан керек. Ал үчүн ушундай эле формадагы тайказанды баллон сыяктуу кылып резинадан куйса болчудай. Себеби аттар келип урунганда, балдар улак салып жатканда коопсуз болушу керек. Коопсуз тайказандын үстүндө биздин федерация иштеп жатат, келечекте жакшы ойлор ишке ашат деп турам. Кыргыз мамлекети жапа тырмак кыргыз спортунун жүзү болгон көк бөрүнү колдоп, жер-жерлерде болуп жаткан жер улактарды тайказанга өткөрүп, тайказанга ойногондо гана биз бул спортту өнүктүрө алабыз. Кошуналарыбыз көк бөрүнү жерге ойноп жатышпайбы, биздин алардан өзгөчөлүгүбүз тайказанда. Көк бөрүнүн “фишкасы” бул тайказан десем жаңылышпайм.

– Алдыда 9-май Жеңиш күнү келатат. Бул майрамга да чоң мелдеш өткөрүлөт. Даярдыктар кандай болууда?

– Бул турнир дагы маанилүү турнирлердин бири. Көк бөрү оюнунун чемпионун аныкташ үчүн бизде үч эле турнир бар. Алар Нооруз майрамы, 9-май Жеңиш күнү жана 31-август эгемендүүлүк күнү жана президенттин кубогу. Даярдыктарды баштадык, курамга дагы эки аргымак алдык. Аттарды эс алдырып, 10-15 күндүн ичинде машыгууларды баштайбыз. Буйруса 9-майда да эки лигадан тең жакшы жыйынтыктарды көргөзгөнгө аракет кылабыз.

– Кийинки турнирге Талас облусунан канча команда келет? Жаңы командалар кошулушу мүмкүнбү?

– Негизи биринчи лигада чектөө жок, жаңы командалар кошулушу мүмкүн. Себеби, кечээ жакында эле Талас облусундагы өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлүнүн кубогу Талас шаарынын ат майданында болуп өттү. Белгилей кетчү жагдай, бул оюнга азыркы командалар катышкан жок. Оюнга 4 райондон 4, жана бешинчи болуп Талас шаарынан командасы чыгып кызыктуу оюн көргөзүштү. Ошол себептен бул командалардын ичинен жаңы командалар 9-майдагы турнирге кошулат деген ойдомун. Көк бөрүнүн жер-жерлерде өнүгүп жатышы жакшы саамалык.

Тимур Бекембаев

Булак: «Факты.kg»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 39 − 38 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: