Menu

Түркмөнстанда кайрадан жумуртка тартыш болууда

Бөлүшүү:

Ашхабадда тооктун жумурткасы кайрадан тартыш болууда. Мамлекеттик дүкөндөр жумуртканы чектелген өлчөмдө жана эртең менен гана сатышууда. Ал үчүн кезекке тургандар арбын.

“Алар бат эле түгөнүп калып жатат. Адатта 4 мантка 12 даана жумуртка беришчү. Бирок соңку күндөрү 11 даанасын 5 манатка сата башташты “, – деди түркмөн кызматынын кабарчысы. Анын айтымында, жеке дүкөндөрдө жумуртканы чектөөсүз, бирок жогорку баада – он даанасын 7-8 манатка сатып алууга болот.

Түркмөнстандын Борбордук банкынын курсу боюнча 3,5 манат – 1 долларды түзөт.

Жумурткага болгон таңсыктык былтыр декабрда башталган.

Түркмөн бийлиги өлкөдөгү азык-түлүк тартыштыгын мойнуна албай келет. Атүгүл жумурткаларды тышка экспорттоп жатканын айтышууда. Өкмөттүк басылмалар билдиргендей, Түркмөнстан 2018-жылы 80 миллион даана тоок жумурткасын башка өлкөлөргө жөнөткөн.

Түркмөнстандын Соода министрлиги 2018-жылдын декабрь айында запаста дагы 2 миллион даана жумуртка бар экенин кабарлаган.

Учурда бул өлкөдө нан, ун тартыш болуп, азык-түлүк дүкөндөрүндө узун кезектер жаралууда.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: