2016-жылдан бери Баткен облусун жетектеп келген Өкмөттүн аталган облустагы өкүлү Абиш Халмурзаевди бийлик элдин катуу сындарынан кийин кызматтан алууга мажбур болду. Бул адамга карата көптөгөн сындар айтылып, анын жоопко тартылышын талап кылгандар арбын болууда. Баткен эли болсо, аны көрөйүн деген көзү калбады. Бул адам Кызыл-Кыяда мэр болуп турганда мамлекеттин тонналаган (2126 т.) буудайын жеке кызыкчылыгына колдонуп, “жеп” койгондугу жана сойкулар иштеген сауналарды иштетип келатканы тууралуу ЖМКга көптөгөн маалыматтар чыкты. Бир катар адамдар тастыктап да айтып беришти. Өкмөт бирок эмнегедир ага чара көрбөдү. Же Халмурзаев акчасына таянып, берчү жерге акча берип, баарынын оозун “майлап” койдубу? Мындай болушу да толук мүмкүн.
Булак: «Багыт»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ