“Кечээ Баткенде кыргыз-тажик чек ара жаңжалы кайра башталды. Максат жана Мурзапачча айылдарында тажиктер менен кагылышуулар болду. Тажиктер чек арага кайрадан капиталдык үйлөрдү салып жатышат. Беш-алты үй тургузулууда. Мухаммедкалый Дүйшөкеевич, биз сиз менен барган айылда тажиктер кайрадан чек арада үйлөрдү салып жатышат. Чек ара кызматы сизге маалымат берсе керек. Тезинен чара көрүш зарыл”, – деди депутат Табылды Тиллаев бүгүн, 3-апрелде өткөн парламенттин жыйынында премьер-министр Абылгазиевге кайрылып.
“Анан да Баткен облусунда Союздан калган газ трубалар бар, 120 чакырым узундукта. Ошону кечээтен баштап бирөөлөр каза баштаптыр. Ага коррупциялык жол менен бирөөлөр уруксат берсе керек. Аны бир тамчы сууга зар болгон Баткендиктердин керегине иштетиш зарыл. Тезинен текшерип, чара көргүлө”, – деди Тиллаев.
Булак: Кyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ