Саламаттыкты сактоо министринин орун басары, башкы мамлекеттик санитардык дарыгер Төлө Исаков өз каалоосу менен кызматтан бошотулду. Бул тууралуу 9-апрелде журналисттерге Төлө Исаков өзү кабарлады.
Анын айтымында, ал ден-соолугуна байланыштуу арыз жазган. “Өз каалом менен жумуштан кетүү боюнча арыз жаздым. Ага кечээ премьер-министр кол койду. Келечекте мага сунуш кылынган бардык кызматтарда иштөөгө жана өз тажрыйбам менен бөлүшүүгө даярмын”,- деди Исаков.
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин 2020-жылдын 29-январындагы буйругу менен Төлө Исаков Саламаттык сактоо министринин орун басары болуп дайындалган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ