Menu

Кожобек Рыспаев: “Электр энергия тармагы менчикке өткөн жок. Эксперт элге туура эмес маалымат берип жатат”

Бөлүшүү:

Энергетика жаатындагы эксперт Расул Умбеталиев Токтогул ГЭСи баш болгон бардык ири, чакан ГЭСтер, ЖЭБдер, жалпы эле энергетика тармагы 2016-жылы «Улуттук энергохолдингдин» карамагына өтүп кеткенин айтып чыкты. Ал «Улуттук энергохолдинг» – жеке башкаруудагы ишкана, учурда бул ишкана Кыргызстандын энергетика тармагынын 80%дан ашуун акциясына ээлик кыларын билдирди. Эксперт: « Мамлекеттик мүлк фонду жана аталган холдинг үчөө келишим түзүп, анда энергетикалык ишканалардын мамлекетке тиешелүү акциялары «Улуттук энергохолдингге» сатылып кеткен» -деп баса белгиледи.

Жалпы коомчулукту кайдыгер калтырбай турган бул маселени тактоо үчүн Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекс жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин төрагасы Кожобек Рыспаевге кайрылдык.

—Кожобек мырза, эксперт Расул Умбеталиев энергетика тармагы менчикке өтүп кеткенин айтып чыкты. Сиз бул тармакты көзөмөлдөгөн комитеттин төрагасы катары бул маселе боюнча эмне айтасыз?

—Расул Умбеталиев элге туура эмес маалымат берип жатат. Биринчиден “сатылып” деген сөздү айтпаш керек. Эмнеге дегенде, ал айткандай эч нерсе сатылган жок жана жеке менчикке өткөн жок. 2016-жылы Мамлекеттик фонддогу энергетикалык ишканалардын активдерин “Улуттук энергохолдингге” которуп берген. Бизде электр энергияны бөлүштүрүүчү компаниялардын баары эле акционердик коом болуп эсептелет да. “Улуттук энергохолдинг” деле АО да. Булардын формасы менчик болуп эсептелгени менен, “Акционердик коом” боюнча мыйзам менен иштешет да. Умбеталиев айткандай эч кандай коркунуч жок. Электр тармагы боюнча компаниялар, ишканалар айтор баары эле 100 пайыз мамлекеттики болуп эсептелинет. Бул маселеде эксперт агабыз өзү адашып, чаташтырып жатат. “Улуттук энергохолдинг” асмандан түшүп калган жок. Ал өкмөт алдында. Өкмөттүн көзөмөлү менен иш алып барат. Аны жоюп салса да болот. Бул маселеге эч нерсе тоскоолдук кылбайт.

—Жогорку Кеңеш көптөн бери эле “Улуттук энергохолдинг” натыйжасыз иштеп жатканын баса белгилеп, аны жоюп, Энергетика министрлигин кайра түзүү сунушун көптөн бери айтып келатат. Бул маселе качан ишке ашат?

—Туура, биз бул маселе боюнча тиешелүү чечимдерибизди да кабыл алып берип, өкмөткө: “Улуттук энергохолдингди жойгула, реформа кылып, министрликти кайра түзгүлө”- деп сунуштарыбыз бергенбиз да. Чынында созулуп кетти. Өкмөт Жогорку Кеңешке отчётко келгенде бул маселе боюнча кандай иш аткарганын угабыз да.

Булак: «Багыт»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 89 − = 87

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: