Menu

Марат Иманкулов, УКМКнын мурдагы төрага орун басары: “Азыр революция кылууга эч кандай негиз жок”

Бөлүшүү:

– Марат мырза, жакында чоң митингдер боло турганы айтыла баштады. «Айрым күчтөр таасир этип, революция болуп кетүү кооптуулугу бар» дегендер да чыгууда. Канчалык негиз бар?

– Азыр Кыргызстанда «мындай болбойт, тигиндей болбойт» деп айтуу өтө опурталдуу. Анткени, бизде баары күтүлбөгөн жерден болуп кетиши мүмкүн. Аны жакынкы эле тарых тастыктабадыбы. Бирок, бир нерсени белгилеп кетким келет. Азыр революция кылууга эч кандай негиз жок. «Революция болуп кетиши мүмкүн, чыңалуу бар» деп кандайдыр бир топтор, күчтөр өз кызыкчылыктарына жетүү максатында ушундай «аба ырайын» түзүшү, радикалдык жолдорго барып жатышы мүмкүн. Айрымдар «бийликти күч менен басып алуу жеңил болот экен» деп 2005-2010-жылдардагы окуяларды мисал келтиришип, ушундай жеңил ойлуулукка түртүп жатышат. Бул өтө коркунучтуу ой жүгүртүү. Радикалдык кырдаал жаратып, мамлекеттүүлүгүбүздү жоготуп алышыбыз толук ыктымал.

– Коомчулуктун айрым катмарында акырындык менен нааразычылыктар байкалгандай. Эл аралап жүрөсүз, элдин бийликке үмүтү кандай?

– Эл арасында качан нааразылык пайда болот? Бийликтен күткөн үмүт үзүлө баштаганда, бийликке койгон талаптар аткарылбай, четке кагыла баштаганда пайда болот. Ошондо эл көчөгө чыгат. Чыга берип, чыга берип, көңүл бурулбай, бийлик зулумдугун көргөзүп, күч колдонуп, бакиевдердин убагындагыдай элди коркутуп-үркүтүп башкарууга өтсө, анда миңдеген адам алды жөнөкөй митинг менен чыгат, арты революцияга чейин жетет. Ошондуктан, бийлик элге жакын болуш керек. Мыйзамдуу иштеп, бийликти узурпациялап, каалагандай система түзбөш керек. Коррупцияга аралашпай, элге берген убадаларын аткарса, «өнүгүү жолуна барабыз» деп чындап иштесе, эл да ыраазы болот, көчөгө да чыкпайт. Азыр «элдин бийликтен таптакыр үмүтү үзүлүп калды» дегенден алысмын.

– 13-мартта Баткен облусунда кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында болгон окуяны Жогорку Кеңеш жабык карады. Маселенин чечилиши татаалдап кеттиби?

– Негизи, чек ара өзү татаал маселе. Татаалдыгы ушунда – бир жактуу чечиле турган маселелерден эмес. Эки тараптын биргелешкен иш-аракеттеринин, компромисске келишинин натыйжасында чечилет. Өзүм билемдик менен «бир жактуу чечип алам», «чек арамды каалагандай коюп алам» деп айталбайт эч ким. Антсе, эл аралык чоң конфликтке алып келет. Мен ойлойм, бул жерде бийликтин ролу негизгиси. Бийлик чечкиндүү кадам жасап, тажик бийлиги менен тез арада бетме-бет жолугуп, чечпесе болбойт. Депутаттар талкуулайт, кайра эле өкмөткө тапшырма берет. Ортодо татаал тилкелер бар. Саясый эрк, жоопкерчилик алып, эч ким чечүүгө барбашы мүмкүн. Эки эл жашап жатат ал жерде. Ошондуктан, президенттердин деңгээлинде чечилсе жакшы болмок. Президент башка иштерди коё туруп, биринчи чек араны чечип койбосо, бул маселе дайыма кырдаалга таасирин тийгизе берет. Саясый күчтөр да улам ушул маселени чыгарып, пайдалана беришет. Туруктуулукка ар дайым тоскоол боло берет.

Маектешкен: Динар Турдугулова

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 46 + = 49

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: