1-апрель күлкү күнүнө карата «Эдил Байсалов дипакадемияга ректор болуп дайындалды» деп журналист Тынчтык Алтымышев соцтармакка жазып жиберип, ага улай бир катар ЖМКлар маалыматты сүрөп кетишкен. Тынчтыктын тамашасы чын боло жаздады эй! Эмне үчүн? Себеби, Эдил Байсаловго карата коомчулукта ишеним, ачык колдоо бар экен. Кызуу куттуктагандар арбып, жылуу кабыл алгандар интернеттин желесинде жабырады. Бул көрүнүштү алдын ала байкоо катары карасак, демек, Эдил мырза ректорлуктан кем эмес кызматка барса, элге жага турганы, бийликтин аброю көтөрүлөрү байкалды. Иштей турган азаматтарды сынап отурбай, чечкиндүүлүккө кадам салбайлыбы?
Булак: «Азия ньюс»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ