Menu

Дүйшөн Керимов: “Атамбаевдин сакуралары аппак гүл ачыптыр, эми…”

Бөлүшүү:

— Дүйшөн байке, кичи ажылыгыңыз кут болсун деп, Арабия жөнүндө айтаарыңызды токтото туралы да өзүбүздөгү “күн жаайт, жаабайт” дегендей эл кулак түрүп турган эртеңки күндөрү “элди Атамбаев ээрчитип чыгат экен…” дегендей саясый ушак-айыңдуу “аба ыраайынан” кеп баштайлы…

— А дегенде айтаар сөз мен да кайран Совет доорунда төрөлүп, эрезеге жетсем да андагы интеллигенциячыл эки көрүнүктүү адат салтты эч үйрөнө албай тыш калдым. Биринчи, пионердик жагоодон кийин галстук аттууну тагына албадым. Экинчи, көшөкөрлүктүн үлгүсүндөй көрүнгөн “Баланчаевич, Түкүнчеевна” дегенге дегеле тилим эптешпей, айта албадым. Ошондонбу, айтор ар дайым ачык-айкын жүрөм, түз кайрылам.
Эми Атамбаевге келсек, “жаман иттин аты Бөрүбасар” демекчи экс-президент экөөбүздүн жаш курагыбыз тепетең, жылыбыз маймыл, жылдыз төлгөбүз Бийкеч, демек, тең курбубуз. Кудай урганда алгачкы президентибиз А. Акаевдин да туулган жылы маймыл. Бирок, мен арыраактагы “маймыл” Антон Чеховду үлгү тутам. Бу эми азил аралаш сөз, ал эми даражасын урматтоо менен Атамбаевге “Сиз” деп кайрылсак, өткөндө сиздин президенттик бийлик учурунда, өзүңүздүн жеке демилге ыктыярыңыз менен түптөлүп, жергебизде үч жолу дүйнөнү дүңгүрөтө өткөн, улуу “Манас” жана айтматовдук рух дөөлөт бийиктигин уламалаган “Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын” аркасы менен мусулманчылыктын чок ортосу болгон Сауд Арабиясына миңден ашык кыргыз урпактарынын катарында барып келгенимди саймедиреп жаздым. Ыйык Каабанын кара ташын эл-сели менен жети айланып, айланайын азганактай ак калпак эл-журтума тынчтык, токчулук, амандык, кең-келечек тилегенимди жаздым. Кайда караба бозоргон мейкин чөлдө, театрдын ажайып сахнасындай болгон, ак мөңгү Ала-Тоо асыл мекенбиздин баркын дагы да баалап, куса болгонубузду жаздым… Куда кааласа эми да жазайын дегеним, ошо какыраган чөлдө гана ошончо пайгамбар саабалардын чыкканын караң, анан эле ааламдын көз жашындай алыскы Ала-Тоодон келген улан-кыздар өлбөс-өчпөс өнөрлөрү менен байлыкка маарып, баарына кайдыгер карап калгандай болгондой ошол ток элди таңгалдырганын караң. Анан да мендей бурадардын эки-үч жылдан бери карай этегине эч чыга албай жүргөн тарыхий эссе болумуштарын эргүү менен жыйынтыктап, “Эр-Рияд, этно-шаарча 2019-жыл, 8–19-март” деп чекит койгонун караң…

— Стоп байке, кыскарта чабыңыз…

— Кыскартса, келип эле Бишкектин Түштүк дарбазасындагы “Жеңиш паркына” адаттагыдай таң ата салып-уруп барсам андагы сакура көчөттөр тептегиз аппак гүл ачып алып, мени атайлап тосуп алгандай кубантты. Бу сакураларды Атамбаев президенттик бийлигинин башыталышында атайылап алыскы Япониядан алып келип отургуздурган. Ошондон улам паркты байырлай сейилдеген улуу-кичүү баары “Атамбаевдин сакуралары” дешет. Жүздөй көчөттөрдүн башында уурдалганы да болду. Анан атайылап сакчы коюп, милийсалап, баарыбыз көзөмөлдөй, кайтарып жүрүп 5–6 жыл дегенде биринчи жолу бажырайып аппак гүл ачып отурат.

— Кут болсун! Бирок, сакуралардын Атамбаевдин өткөн Форум алдындагы митингде азыркы бийликти коркутуп сүйлөгөнүнө, ал аркылуу эл арасындагы “күн жаайт же жаабайт” деген кооптуу ушак-айыңына кандай тиешеси бар?

— Билесиңби Суке, гезитиңдин бетине (“19.10.2017-жыл”) андагы президенттик шайлоодон кийин аңгеме курганда мындай дептирмин: “Мен бул шайлоого эки анжы ойдо келдим. Биринчиси, президенттикке талапкерлердин арасында мен күткөндөгүдөй же кыялымдагыдай лидер болгон жок. Кайран чоң тебетей чоң атам айтмакчы, эми көңүлдөгүдөй адамды ылайдан эле жасап албасак, төгөрөгү төп келген адам жок дечи, бирок, азыркы президент Атамбаевден бир кездеги сүрөөнчүсү жана күйөрманы катары береги алты жыл аралыгында өлкөбүздө болгон жышаналуу иштерди андан ары жандантып кете турган, коомчулуктун үмүт-тилегин дүргүткөн кандайдыр бир жаңы фигураны алып чыгат го деп күткөм…

Эми ошол кылган, эткенине түштөн кийин өкүнүмүш болот. Себеби, азыркы президент Сооронбай Жээнбеков “жетектен” чыгып, ишенип добушун берген эл тарабында, мамлекеттик мыйзамдын жетегинде иштөөгө батыл багыт алып, болгон күчүн үрөп жатат. А Атамбаев дагы эле элди “мал, эл эмес ж. б.у.с.” деп ойлойт окшойт. Ооба, Атамбаев бийликте турганда а дегенде сүрөдүк, сунуш, каалоо айттык, сындадык, ал тургай “Кыйкырсам үнүм жетеби?” деп кайрылдык. Дубалдан үн чыкты, асти Атамбаев бийлигинен үн чыккан жок. Дагы да улуу Айтматов айткандай “Көпөлөктүн гүлгө конуп учканындай каш кагым учур өттү да кетти” жана “Жакшылыкты бөгөсөң, кыянаттык өзү чыгат” дегендей, баарына өзү автор жана өзү күнөлүү экенин кайда катат. Ошондой эле “падыша кудаа эмес, бирок кудаадан жудаа эмес” деген сөз бар. Президент болду, каалашынча бийлигин жүргүздү. Демек эми кайда барат, деги эңсегени эмне? Өткөндү чукуп, улам кыйынсына берген жетекчилеринин айынан эң зор империя СССР кыйрады. Ал эми улуу коңшубуз Кытайда элине эбегейсиз күнөө кылган Маонун эстелигин акылман Дэн Сяопинь ордунда калтырып, баардыгын жаңыча тилек иш-аракетте баштап кеткендиги үчүн гүлдөп аткандыгын карачы. “Алкоголик” деп эли сөккөн Ельцин бийлигин өткөрүп берип, үндөбөй жүрүп эле жыргап дүйнөдөн өтүп кетти. Ушул мисалдар азбы? Эгер Атамбаев аркы-беркиге абай салса, сабырдуулукка, ыйманга чакырып, “ардактуу Алмаз Атамбаев, “Атамбаевдин сакуралары аппак гүл ачыптыр, эми өзүң да пейилиңди агартчы. 30 жылдан бери өзүңдөй саналуу саясатчылар ары-бери чайкай берип, карызга белчесинен батырса да өз алдынча тирлигин эптеп өткөрүп аткан элди дагы да шорго түртө бербегилечи!” дейт элек. Бирок, аттиң, аны угуп аңдай турган Атамбаев барбы? Кеп ошондо…

Маектешкен: Сурат Жылкычиев

Булак: «Жаңы Ордо»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 60 − = 50

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: