Menu

Касым-Жомарт Токаев Өзбекстанга барат

Бөлүшүү:

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев эки күндүк мамлекеттик сапары менен Өзбекстанга барат. Бул тууралуу өзбек президентинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, казак мамлекет башчысы Ташкентке 14-апрелде учуп барып, Шавкат Мирзиёев менен жолугат.

«Пландалган сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө эки тараптуу достук, стратегиялык өнөктөштүк мамилелердин келечеги талкууланып, саясий, соода-экономикалык, инвестициялык, транспорттук-коммуникациялык жана башка тармактар боюнча карым-катнаштын приоритеттүү багыттары каралат», — деп жазылган басма сөз кызматтын билдирүүсүндө.

Мындан тышкары президенттер аймактык кызматташтык жана эл аралык көйгөйлөр боюнча пикир алмашат. Аягында мамлекет башчылардын биргелешкен билдирүү жасоосу жана өлкөлөр ортосундагы көп багыттуу мамилелерди өнүктүрүүгө багытталган документтер топтомуна кол коюусу пландалууда.

Президенттер ошондой эле Казакстандын Өзбекстандагы жылынын расмий ачылышына катышат. 2018-жыл Казакстанда Өзбекстан жылы деп жарыяланган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 86 = 94

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: