Menu

Жогорку Кеңеш саясий ресурсун түгөттү…

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши 2005-жылдагы элдик ыңкылаптан кийин эле саясий борборго айланды. 1993-жылдагы “Камеко” чырынан кийин андагы президент Аскар Акаев Жогорку Кеңешти таратып жиберип, парламентаризмдин саясий сары улак кылган синдромдун башатын ачып берип койгон.

Кийин ал жолду Бакиев татыктуу улантты. 2007-жылы парламент Курманбек Бакиевдин тамагына тыгылган кылкан болуп алды эле, ал оппоненттеринин колу менен күм-жам болуп, натыйжада атактуу “Ак-Жол” келген. Биз Атамбаевдин бир мыкты сапатын айтып коюшубуз керек. 2010-жылдагы оор кырдаалдардан кийин келген парламентке бийликтин ультра оппоненттери пайда болуп, канчалык кысымга албасын ал кездеги Жогорку Кеңешти таратып жиберген жок.

Албетте, ортодо бирин-экин айрым депутаттарды камап матаган көрүнүштөр орун алды, жалпы парламентти таратууга дити барган жок. Азыр да дал ошол кырдаал түзүлдү.

Биз парламентти канчалык мактап-жактаганыбыз менен айрым фракция лидерлери ар кандай кырдаалда саясаттан четтеп, көпчүлүк учурда бийликтин куурчагына айланды. Бул жагынан алып караганда азыркы парламенттин курамы бийлик үчүн өтө эле ыңгайлуу, көз ымдаганда ордунан атып турчу депутаттык корпус. Бул жагдайды КТРКнын Байкоочу кеңешинин бир мүчөсүн шайлоодо ачык байкадык. Мындан улам Жогорку Кеңеш саясий ресурсун түгөттү, тараш керек деген пикирлер арбын айтылып жатат.

Мына “Ата Мекен” фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов эгер парламентти таратуу демилгеси көтөрүлсө колдой турганын жар салып, мындай жүйөсүн Жогорку Кеңештин өз позициясы, саясий эрки жоктугу, коомдогу тескери көз караштын күчөгөнү менен түшүндүрдү. Ошол эле кезде “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын мүчөсү Исхак Масалиев КСДП коалициядан чыгышы керектигин, жаңы коалиция түзүү зарылдыгын көтөрдү. Айтор, өйдө тартсаң өгүз өлөт, ылдый тартсаң араба сынат абал…

Деги эле азыркы парламенттин саясий сабаты, легитимдүүлүгү да акыркы учурда шек жарата баштаганы ачык-айкын айтыла баштаганы, коомчулуктун колдоосу, ишеничи жоктугун далилдеп турат. Буга Жогорку Кеңештин экономикалык маселелерди талкуулоодо, мыйзамдардын сапатын көзөмөлдөөдө, кабыл алган чечимдеринин аткарылышын өкмөттөн талап кылууда чабалдыгын көрсөтүп, президенттик администрациянын оозун карап кол бала болуп калгандары себеп десек жарашат. Бийлик менен тең салмак түзө алган фракция, күчтүү саясий лидери жок…

Алмаз Темирбек уулу

Булак: «Фабула»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 84 − = 77

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: