Menu

КСДП АШАнын жеке сектасы

Бөлүшүү:

6-апрелде экс-президент Алмазбек Атамбаев лидерлик кылган КСДПнын экинчи бөлүгү курултайга чогулду. 3-апрелде өткөн 1-топтогу Сагынбек Абдрахманов башында турган КСДПнын съездине 600дөн ашуун адам катышкан болсо, АШАнын жабык өткөн жыйынына чакырылган 180 адамдын 160ы араң келген. Өлкө тарыхындагы эң уятка калган бул курултай жабык өтүп, КСДПнын уставы, Кыргызстандын мыйзамдары тебеленди. Бир катар юристтер болсо бул жыйында кабыл алынган чечимдерди мыйзамсыз деп атоодо.

Негизи эле акыркы кездери Атамбаевди эл ээрчибей турганы, андан коомчулуктун көңүлү калганы тастыкталууда. Маселен, 7-апрель шейиттерине арналып курулган мечиттин ачылышына миңдеген жамаат катышаары маалымдалган, бирок саналуу гана адамдар барды. Атамбаев өз күнөөлөрүнүн баарын президент Сооронбай Жээнбековго шылтап, ага негизсиз асылып жатканы да элди иренжитүүдө.

Ал эми Атамбаев башында турган КСДПнын Саясий кеңешине мүчө болгондорго көз жүгүртө турган болсоң, ал жөн гана АШАнын жеке сектасына айланып калгандай. Муну менен АША өткөндөн сабак албаганы, жанындагы ишенимдүү адамдарды деңгээлине карабай көтөрмөлөй берүү калпыстык экенин унутта калтырганын далилдептир. Анткени, Саясий кеңеш деген партиянын эң жогорку органы жана ага артынан элди ээрчите ала турган кадыр-барктуу адамдар гана мүчө болушу керек. Атамбаев башында турган 2-топтогу КСДПнын Саясий кеңешинде болсо чала сабат журналисттер, эки адамдын башын кошуп жыйын кура албаган жөндөмсүздөр, АШАнын доорунда мамлекеттик ишканаларды талап-тоногондор жүрөт.

Булардын баары Атамбаевдин кареги менен тең айланып, ага көз каранды болуп калгандар. Ошондуктан Атамбаев башында турган КСДП партия эмес эле АШАнын жеке сектасына айланып калды. Муну белгилүү коомдук ишмерлер да айтып чыгууда.

Булак: “Кабар Инфо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 42 − 34 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: