Menu

Калилов коррупциянын бетин калкалабастан, кошо ачышыптыр

Бөлүшүү:

Өткөн жылдын аяк ченинде, тагырагы 2018-жылдын 6-декабрь күнү Транспорт жана жолдор министринин орун басары Азимкан Жусубалиев ири көлөмдөгү пара алып жаткан маалда колго түшкөнү маалым. Түшүнүктүү тил менен айтканда алкымы бузук Жусубалиев жол куруу үчүн тендерге катышкан кайсы бир компаниянын кызыкчылыгын сүрөп, ал кызматы үчүн 520 миң АКШ доллар алмакчы болгон.

Сом менен чакканда 36 миллиондон ашык каражат. Бул ызы-чуулуу окуядан кийин министр Жамшитбек Калилов да садага чабылганын билебиз. Көрсө, аталган окуя тууралуу ошол кездеги министр Жамшитбек Калилов алдын ала билип, 1 күч органдары менен кызматташкан экен, ал азыр ачыкка чыгууда. Тереңирээк айтсак, 2018-жылдын сентябрь айында министр Ысык-Көлдө «Көчмөндөр оюнунда жүргөндө «орун басарыңыз Жусубалиев ири көлөмдөгү пара сура атыптыр» деген сөз жетет. Муну уккан министр Калилов Бишкекке келери менен тиешелүү органдардын жетекчилерине (Антикоррупция кызматынын жетекчисине, өкмөттөгү тиешелүү жетекчиге) кирип окуяны түшүндүрүп, пара сураган орун басарын кармоого кызыкдар экендигин билдирген. Эгер Калилов ишке аралаш болгондо орун басарын тыйып, «билинип калыптыр, колго түшүп калба» деп алдын алат эле. Бул факты Калиловдун таза экенин, коррупцияга аралашпаганын тастыктайт. Башкача айтканда министрдин кызыкчылыгы болгон үчүн «паракор» орун басары колго түшүп, коррупциянын бети ачылган. Биз Калиловдун бул аракетине «бали» дедик.

Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 17 = 20

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: