Menu

Жөкөрүң башчыңа бап

Бөлүшүү:

Эч бир саясатчы кыргыз калкынын башын Алмазбек Атамбаевдей айландыра алган эмес. Бир көрсөң күн чыгышка карап акаарат айтып аткан болот. Дагы бир көрсөң күн батышка карап акаарат айтып жаткан болот. Деги эле Кыргызстандын аймактарын, калкын, кошуна президенттерди калтырбай акаарат айтып чыкты го, чиркин. Бир көрсөң бар тарапты мактап аткан болот, анан эле дагы бир күнү боктоп аткан болот. Башы айланган киши башкалардын башын да оңой айландырып коёт окшойт да. Эми өзү эле ушундай десең, анын айланасына да, өзүнө окшогондор чогула калганын карабайсыңбы. Мына Адил Турдукулов деген жигит мурда Алёшаны “каргап-шилеш” боюнча эл аралык мастер болчу. Эми шып этип жанынан келе калды да, Алёшанын КСДПсынын саясий кеңешине мүчө боло калды. Эми дагы бир канча убакыт өтсө, дагы каерге шып этип кирип кетерин бир кудай билет. Мындай адамдарга жылмакайлаштыруучу каражаттын деле кереги жок экен. Же бети бир чымырап койсочу…Ошентип, илгерки айтылган сөз туура чыгып атыры: башчы кандай болсо, жөкөрү менен нөкөрү да ошондой. Кыскасы, Адил да Алёшанын камырынан экени анык көрүндү. Болбосон коёкал…

Жалил Сапаров

Булак: “Кабар Инфо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 78 − 72 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: