Menu

Коррупцияга каршы укурук качан Сагинбаевага жетет?

Бөлүшүү:

Жээнбеков коррупция менен күрөштү бараандуу баштап, далай коррупционердин кекиртеги буулуп түрмөдө жатышат. Бирок кайсы бийлик келсе да кызматтан түшпөгөн, «Отко салсаң күйбөгөн, сууга салсаң чөкпөгөн» Сагинбаева Динара Зарлыковна деген бар. Иштеген жеринин баарын майкандап, баскан изинен чөп чыкпай келет. Аны «мыйзамдагы ууру» Батукаевге «рак илдети» менен ооруйт деген анализ чыгарып берген өтө «күйүмдүү» министр катары коомчулук жакшы таанып калды. Экс-президенттин буйругу менен аэропорттон кызыл килем төшөп узатышпады беле, оорулуу кишини. Анысы өлбөй-житпей эле, кайра бир ирет үйлөнгөнгө жетишип, бирок чет жактадагы камалды.

Ошондо Саламаттыкты сактоонун министри болуп турган кезде колунан эмне жумуш келген деп эстей турган болсок, жаңжал менен «разборкалардан» сырткары өз көмөчүнө күл тарткандан башка жагдай эске келбейт экен. Мисалы, Көлдүн тургуну Темирбек Исакунов чума жуктуруп, бейтап Саламаттыкты Сактоо министрлигине кайрылган. Алар кол шилтеп тим болушкан. Исакунов каза болуп, иш коомго чыкканда гана көчүгүн көтөргөнгө жараган министрлик чума оорусунун очогун тазаладык деп отчет берген. Бирок бүгүнкү күндө көлдүн Ак-Суусунун тургундары кайра жуктуруп албайт деп ким кепилдик бере алат?!

2014-жылдын башында Кызыл-Жар психиатриялык ооруканасынан ээн-эркин чыгып, Боом капчыгайында МАИ кызматкерлерин атып салган Заур Магомедовдун окуясы кайрадан Д.Сагинбаеваны кызматтан кетирүү керектиги парламентте чоң талкууну жараткан. Бала сатууда дагы коррупциялык иштери үчүн кылмыш иши козголуп, бирок кайра жабылып келген. Анан дагы балдар онкологиясындагы мандемдери үчүн ошол кезде эле бул тармакта иштөөгө акысы жана укугу калбаган дыгын далилдейт эмеспи. Мындан тышкары жеткен трайбалист экендигин далилдеген фактылар бар. Көп узабай бөйрөк оорусу менен жабыркаган бейтаптардын өмүрүн алган «Репретин чуусу» болду. Анда да жоопкерчилик алуунун ордуна, министрлик креслосун бошотуп коюусун өтүнгөн бейтаптарга «качан кетээримди өзүм билем» деп ороңдогону бар. Саламаттыкты сактоого эмгегин катуу «сиңирген» экен, жоопко тартылуунун ордуна кайра Улуттук госпиталга жетекчилик кызматка келген. Ал түзгөн коррупциялык схемалар, бейтаптардын жонунан кайыш тилген «Интелмед» ЖЧКсы, жабдык сатып алууда мамлекеттик казынага келтирген зыяны, Кадрдык саясатты каалагандай калчаганы боюнча бир нече кылмыш иштер козголуп бирок аягына чыкпай келет. Анын кысымы астында далай кесипкөй адистер жумушунан кеткен. Сагинбаеванын ишмердүүлүгүндө шектүү жагдайлар жаралып, жетекчи учурда кезектеги кылмыш ишине шектелүүдө. Иштин чоо-жайын билүү үчүн арыз ээлеринин жактоочусу менен маектештик.

Такен Молдокулов, жактоочу: “Сагинбаеванын ишмердүүлүгүнө кылмыштын курамы бар”

—Такен Омербекович, Улуттук госпиталдын жетекчиси Динара Сагинбаева кызматтык абалынан кыянаттык менен пайлалангандыгы боюнча кылмышка шектелип жатканын уктук. Бул процессти тереңден билген жактоочу катары иштин чоо-жайын айта кетсениз?

—Динара Зарлыковнанын иш аракетинде юрист катары кылмыштын курамын көргөнүбүзгө байланыштуу Биринчи Май райондук Ички иштер бөлүмүнө кайрылганбыз. Кайрылып жаңы кылмыш кодексинин 320-беренеси (Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча азыр Кылмыштардын жана жоруктардын реестрине каттоого алынды. Азыр сотко чейинки тергөө иштери жүрүп жатат. Муну менен катар моралдык жана материалдык чыгымды талап кылып Ленин райондук сотуна кайрылдык. Себеби Сагинбаеванын мыйзамсыз иш аракеттери мен укугун коргоп жаткан Салтанат Иманбаевага оир топ моралдык жана материалдык чыгымдарды келтирген. Мыйзамсыз кызматтан алган, бирок Жогорку Сот аркылуу кызмат ордуна кайтарылды. Салтанат Иманбаева жумушка жаңы киришээри менен сөгүш берип үлгүрдү. Аны да сот аркылуу кайтардык. Мындайча айтканда Динара Сагинбаева өзүнүн кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, Салтанат Иманбаевага ачык эле куугунтук көрсөтүп келе жатат. Моралдык жана психологиялык жактан басым көрсөтүп, иштетпей жатат.

—Динара Сагинбаева министр болгон учурунда, кийин Улуттук госпиталга жетекчи болуп келгенден кийин деле бир нече жолу кылмыш иши козголгондугунан кабарыбыз бар. Бирок кандайдыр бир себептен улам иш ордунан жылбай басылып калып жатат. Бул иш аягына жетеби?

—Мен мурдагы кылмыш иштери менен таанышып чыктым. Бул кишиге факт боюнча козголгону менен күнөө коюлган эмес экен. 2019-жылдын 1-январынан баштап Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестри ишке кирип, кылмыш иштери катталып жатат. Бир гана мен эмес, учурда бир топ коомдук уюмдар дагы бул ишти өз көзөмөлүнө алышкан. Буюрса аягына чейин чыгабыз.

—Кечээ жакын да Улуттук госпиталдын кызматкерлери жол кырсыгына кабылышты. Жумуш учурунда өз ордуларында болбой, сыртта жүргөн кызматкерлери үчүн Сагинбаева Динаранын күнөөсү жана жоопкерчилиги бар деп ойлойсузбу?

—Албетте бар. Күнөөсү дагы, жоопкерчилиги дагы бар. Анткени тааныш-тамырлаштары аркылуу аларга бардык нерсеге уруксат берип койгон. Алар сакайып кетишсин. Бирок авария болгон киши вице-премьер министр Алтынай Сейитбековнанын жолдошу экендиги маалым болду. Буга чейин бизге белгилүү болгондой Динара Сагинбаеванын ишенген адамы эле ошол Алтынай Сейитбековна. Бардык жерде ошол кишинин аты аталып журөт. Ошон үчүн мунун баары бири-бири менен байланыштуу деп юрист катары айтпашым керек, бирок адам катары айта алам. Жумуш учурунда бир бөлүмдөн 4 киши өз ордунда болбой кырсыкка кабылгандыгы үчүн Сагинбаева түздөн-түз жоопкерчиликтүү. Себеби Салтанат Иманбаеванын бөлүмүндө иштегендер жетекчисинин башын аттап, түздөн-түз Динара Сагинбаевадан уруксат алып, суранышат экен. Ошол себептен бөлүмдө башаламандык болууда.

—Мындан тышкары Улуттук госпиталда реорганизация деген шылтоо менен бир топ бөлүмдөр жабылып, врачтар жумушсуз калган учурлар болду. Реорганизациянын канчалык деңгээлде зарылчылыгы бар?

—Реорганизация деген эгер ошол мекемеде эффективсиз иш болуп атса анан жүргүзүлө турган иш-чара. Бул жерде 18 жылдан ашык убакытта жалаң ийгиликтерге жетип келе жаткан №1 көздүн микрохирургия бөлүмүн реорганизация кылуунун өзү туура эмес. Биз акыркы 5 эле жылдын көрсөткүчтөрүн алдык. Бардык көрсөткүчтөрү менен Салтанат Иманбаева жетектеген бөлүм башка бөлүмдөрдөн ат чабым алдыда. 2018-жылы Салтанат Иманбаеваны кызматтан алып соттон сотко сүйрөгөн кезде көрсөткүчтөр түшкөн. Мунун себеби дагы Сагинбаевага барып такалат. Реорганизация кылууга негиз жок. Бул Сагинбаеванын Салтанат Иманбаевага болгон айла жоктогу кадамы болуп жатат. Кызматтык абалынан пайдаланып өзүнө каршы чыккан кызматкерден кутулуунун бир жолу. Сагинбаеванын ошол бөлүмдүн иши алдыга жүрүп кетсе экен деген ою да, максаты да жок. Реорганизация болгон башка бөлүмдөрдө учурда хаос болуп, бейтаптар менен врачтар жабыркаган.

—ММКда жакында ооруулуу көздүн ордуна соо көзгө жасалган операция тууралуу маалымат тарады. Биздин кабарыбыз боюнча мындай жаңылыш операция биринчиси эмес. Ал тургай леталдык натыйжага жеткизген кызматкерлер бүгүнкү күндө дагы Улуттук госпиталда жумушун улантып жаткандыгынан кабарыбыз бар. Буга мыйзам жооп береби?

—Мен Салтанат Иманбаеванын жумушун карагандан баштап Улуттук госпиталдын таржымалы менен таанышып келе жатам. Мындай көрүнүш буга чейин болуп келген жана көнүмүш адатка айланыптыр. Бирок көз микрохирургиясындагы алешемдиктерди өз убагында айтып, көзгө сая көрсөтүп келгендиги үчүн Салтанат Иманбаева айрымдарга жек көрүнүп калган. Катасын айтсаң жактыра беришпейт эмеспи. Көп иштерди Динара Сагинбаева «крышовать» этип, жабылып келген. Ошол эле бейтаптын оң көзүм ооруп жатат дегенине, «история болезниде» жазылып турганына карабай соо сол көзүнө эки ирет операция жасап атат. Бул шалаакылык. Эми азыр комиссия түзулүп операция кылган Найманбаевага сөгүш жарыялап, Салтанат Иманбаевага эскертүү берилиптир. Бул жерде Салтанат Иманбаеванын катышы жок. Эгер Иманбаеваны угушса ушул иш болмок эмес. Ушундай башаламандык, өзүм билемдик, кемчиликтерди токтотом деген Иманбаева жаман көрүнүп жатат. Мындай кызматкерге жок дегенде иш козгоп, же жумуштан алыш керек эле. Соо көздү сокур кылганы кылмыш да.

—Иманбаевага каршы арыз жазышып, митинг уюштургандардын арасында ушул фамилия жүргөн?

—Ооба, Наймайбаева, Мамазияева, Кадыралиева, Шаршеева, Кенжеева сыяктуу митингге чыккан кызматкерлердин ар биринин артында одоно “косяктары” бар. Мисалы, Мамазияева деген анализи жок, «история болезни» ачпай туруп бейтапты өз билемдик менен дарылаган. Бул одоно ката. Адамдын ден соолугу менен ойноп жатат. Кадыралиева А.А деген кызматкер ириңдүү гайморити бар жаш балага наркоз менен операция жасамак болот. Мындай аракетке медицина каршы, реакция жүрүп, бейтап каза болуп калышы мүмкүн. Операция жасаганга Иманбаева каршы болгонуна карабай жасалма анализ менен операция кылууга ашыгат. Операцияга Иманбаева жол бербейт. Ошондон кийин ал өчөшөт да калат. Кезинде ошол кызматкерлер Иманбаевага каршы 11 пункт менен прокуратурага кайрылышкан. Бирок бир дагы факт далилденбегендиктен, куру доомат катары аныкталган. Аталган кызматкерлердин үстүнөн моралдык жана материалдык зыян келтиргендиги үчүн арыз жазууга бүгүнкү күндө Иманбаеванын толук акысы бар.

Кызматтын ички тартибин сактабаган, мыйзам бузуулар менен коштолтон иш аракеттер, ошол эле өлүмгө жеткизген операция, анализи жок дарылоо, туура эмес жасалган операция, мас кишини операцияга жиберүү ушул сыяктуу кемчиликтерди кетирген кызматкерлердин катасын көзүнө сая көрсөткөндүгү үчүн Иманбаевага каршы чыгып жатышпайбы, «туура сөз тууганыңа да жакпайт» дегендей. Аларда бир гана жол – Иманбаевадан кутулуу, аны жумуштан кетирүү аргасы калган. Митингге чыккандарынын себеби ошол. Бул иштерде мыйзам бузуулар бар экендиги так, даана далилденген. Ал эми Динара Сагинбаева мындай кемчиликтерди көрмөксөн болуп, жаап-жашырып, алтургай «крышовать» этип, шериктеш болуп келет.

Дагы бир иш Сагинбаеванын калкалоосунда Рузымбаев Алимжан деген врач «больничныйга» чыгып алып, өзү «Аю Медикал» деген жеке медициналык борбордо иштеп жүрөт. Бюджеттен анын «больничныйына» акча төлөнүп жатат. Ал кошумча өз алдынча кызмат көрсөтүүдө. Бизде алган суммасы боюнча так маалыматтар, далилдер бар. Мамлекеттин жумушу үчүн кызматка жараксыз, оорулуу болуп анан жеке кызматка келгенде сопсонун иштеп, операция жасап жүргөнү мыйзамга туура келбейт. Бул дагы кызматтык абалынан пайдалануу болуп саналат, алдамчылык кылып бюджеттен дагы акча алып жатат. Мына ушунун баарына Сагинбаева жол берип жатат.

Тиешелүү органдар Улуттук госпиталдын беделин түшүрүп, каалагандай тайраңдап жаткан Динара Сагинбаеванын «ишмердүүлүгү» боюнча акыйкат чечим чыгаруусун талап кылабыз. Бул иш боюнча чара көрүлүшү абзел!

Назгүл Исакова

Булак: “Де-Факто”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 78 − = 72

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: