Menu

Мирбек Асанакуновдун диплому жасалма. Козголгон кылмыштар кыскарган…

Бөлүшүү:

“Тооң бийик болсо, ташың алыс ыргыйт”- демекчи, мындан эки жыл мурун Мирбек Асанакунов Кыргызстан профсоюз федерациясына кызматка келген. “Кыңыр иш кырк жылда билинет” – демекчи, М.Асанакунов майлуу-суттүу кызматка отуруу үчүн эмгек китепчесин “эптеп” толтурган.

Тактап айтканда, анын эмгек китепчесинде 1999-2007-жылга чейин “Аман Имарат Курулуш” компаниясынын төрага орун басары жана профсоюз уюмунун жетекчиси болуп иштегени жазылган. Анткени Кыргызстан профсоюз федерациясына төрага болуш үчүн профсоюздук уюмдарда иштеген тажрыйба керек деген милдеттүү норма бар. Ошол мыйзам талабын буйгап өтүү максатында расмий документтерди бурмалап жибергени айгине болуп туру. Баарынан кызыгы, бул ишкана өз ишин 2009-жылы гана баштаган. Мындан улам бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери башталган. Тактап айтканда Каржы полициясы 2018-жылы Кылмыш кодексинин 221-беренеси – «Коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдаланышы» жана 350-беренеси – «Документтерди, мамлекеттик сыйлыктарды, штамптарды, мөөрлөрдү, бланктарды колго жасоо, даярдоо, сатуу же алардын жасалмаларын пайдалануу» боюнча кылмыш ишин козгоп тергеп баштаган.

Бирок Башкы прокуратура, атап айтканда мурдагы башкы прокурор И.Жолдубаева жана анын орун басары Б.Казаков ал иштерди токтотуп коюшкандыгы кеп болууда. Андан сырткары М.Асанакуновдун жогорку билим тууралуу диплому да жасалма болуп чыга келди. Маселен, М.Асанакунов 1998-жылы Ж.Баласагын атындагы улуттук университеттин юридикалык факультетин бүтүргөм деп, ГВВ №01271 сандуу дипломдун көчүрмөсүн көтөрүп жүрөт. Бирок Каржы полициясы иликтеп, М.Асанакунов аталган университеттен да, кийин түзүлгөн юридикалык академиядан да билим албагандыгын аныктап чыккан.

Баса, М.Асанакунов убагында КПФнын мурунку жетекчиси Ж.Абдрахмановго каршы ОБОНдорду жалдап, нааразылык митингдерин уюштуруп жатып, анын кызмат ордун тартып алган болчу. Муну далилдеп, “айтып берем, эмне Асанакуновдон коркмок белем?” дегендер да жок эмес.

Маселен, профсоюздарга караштуу «Кыргызстан» санаториясынын мурдагы директору Венера Майминдеева муну тастыктап бере алат. Ага болбой М.Асанакунов бир былк этип койбой отурат. «Таанышың болсо танкасың» деген ушул тура…

Булак: «Багыт»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 78 − 75 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: