Menu

Атамбаев “Кумтөр” маселесин карап чыгууну Башкы прокуратурага буйруду

Бөлүшүү:

Алмазбек Атамбаев бүгүн, 14-июнда өлкөнүн башкы прокурору Индира Жолдубаеваны кабыл алды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Кумтөр долбоору боюнча жаңы жагдайлардын ачылышына байланыштуу Атамбаев Башкы прокуратурага ири алтын-кен жайын иштетүүгө байланышкан коррупциялык фактылар, башка мыйзам бузуулар боюнча жазык иштеринин алкагында 2003-2004-жылдардагы жана 2009-жылдагы макулдашуулардын мыйзамдуу түзүлгөндүгүн кайра кароону тапшырды. Атап айтканда, 2003-2004-жылдардагы Кумтөр долбоорун кайра түзүү маселеси жаңы жагдайларды эске алганда такыр башкача өңүттөн көрүнөт. Дал ошол мезгилде Centerra Gold компаниясында кыргыз тараптын үлүшү аныкталган, эл ичинде үлүш жасалма жол менен төмөндөтүлгөнү тууралу пикир жаралган.

Атамбаев калыс тергөөнү камсыз кылуунун маанисине токтолуу менен катар көрүлүп жаткан чаралар тууралу коомчулукту өз маалында кабардар кылып туруунун зарылдыгын баса белгиледи. Анткени бул жазык иштер көпчүлүктүн көңүл борборунда турат.

«Кыргызстандын сыймыгы жана эң ири инвестициялык долбоору болуп кала турган Кумтөр тетирисинче эмне себептен эл арасында “эң ири алдамчылык”, “эки үй-бүлөлүк-кландык режим үчүн жемкордук акыр” жана Кыргызстандын улуттук кызыкчылыктарына саткынчылык катары кабыл алынганын адамдар билүүгө тийиш», – деди Алмазбек Атамбаев.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: