Menu

Дайырбек Орунбеков, журналист: “Бабановду “үчүнчү күчтөр” пайдалангысы келди…”

Бөлүшүү:

– Садыр Жапаровдун убалына – интернеттеги “келсең эркек болосуң, 5 миң адам тосуп алабыз, артыңда калдайган элиң бар!”-деген бекерпоздор калганбыз. Адамдын өмүрү – октон дагы бат, көз ирмемге татыбаган ылдамдыкта өтөт. Сырттан туруп далыга таптап, “азаматсың, красавчиксиң!”- деген күүлөгүчтөр болот. Кулакка ушунчалык жагымдуу, кайталап уккуң келген сөздөрдү айтышат. Эң коркунучтуу душмандар ошолор.

Бирок, алар атайын душмандык кылбайт, өздөрү дагы байкабай аңга кулата түртөт.

Садыр Жапаров келгенде акырын жыла басып, “бир нерсе болсо аралаша калалы”-деп байкагычтар барган. Ал келгенден кийин баягы 5000 адам келбей калганда, жылып жок болушкан. Садыр агабыз ошондой азгырыктардын курмандыгы болгон. Адамдын азаттыгынан кымбат эмне бар? Азыркы бекерпоздордун “тике карап келди, эркекче камакта отурат”- дегендери бир тыйын. Ал көп азап көрдү, балдары, үй-бүлөсү моралдык жаракат алды. Атасы, энеси кайгыда жүрүп өтүп кетти. Анын баарын сырттагы күүлөгүчтөр сезишпейт. Садыр Жапаровдун өзүнө гана таандык ички арманы болуп калат. Коомчулук аны каматып коюп, мактап отура берет. Бирок канча өмүр түрмө артында өтүп жатат. Түрмөнү кой, милициянын бир жолку сурагына барып көргүлөчү?!..

Ушундай абал Бабановго дагы колдонулду. Бирок ал келбей коюп, “күүлөгүчтөр” иттин арткы шыйрагы эле болду. Бабановду шыкактап жаткандар, эми “Садыр Жапаров үчүн чыгалы, Текебаев үчүн чыгалы”- дешүүдө. Аларга Бабановдун, Жапаровдун, Текебаевдин дагы тагдыры экинчи орунда. Аларга көчөгө чыгууга шылтоо гана керек. Бул пикирим “үчүнчү бузуку” күчтөргө таандык. Ал эми Жапаров жана Текебаевдин туруктуу, сатпаган командасына тийешеси жок. Алар буга чейин көчөгө чыкпай дагы моралдык жактан колдоп келишкен. Абалын сурап, эркиндиктеги жакындары менен бирге болушкан. “Көчөгө чыккың келип жатабы, чыга бер. Башканын тагдырын ойломуш болбой эле койбойсуңарбы?”- деген ой келди эле, жазып койдум.

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 35 − = 27

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: