Menu

Видео – Депутат Исхак Масалиев менен Генпрокурор Өткүрбек Жамшитовдун кайым айтышы

Бөлүшүү:

Бүгүн, 17-апрелде КР Жогорку Кеңешинин кезектеги жыйынында 2018-жылы Кыргыз Республикасында мыйзамдуулуктун абалы жөнүндө жана аны чыңдоо боюнча прокуратура органдары тарабынан аткарылган иштер тууралуу Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун отчету угулду.

Исхак Масалиев, депутат: УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы президенттин указы менен түзүлгөн болчу, ошол мыйзамга дал келеби?

Өткүрбек Жамшитов, Генпрокурор: Бүгүнкү күндө АКС иштеп атат.

Исхак Масалиев, депутат: Жок, мыйзамга дал келеби? Президент мыйзам боюнча өзүнүн указы менен ошондой кызмат түзө алабы?

Өткүрбек Жамшитов, Генпрокурор: Азыр, бүгүнкү күндө указ күчүндө, эч ким бузган жок, иштеп жатат.

Исхак Масалиев, депутат: Урматтуу Башкы прокурор, бир дагы орган Конституциянын 5-беренесине ылайык, өзүнө чектелген укугунан ашып чыкпаш керек. Ал эми АКС президенттин жарлыгы менен түзүлгөн болчу. Мыйзамдарга дал келеби же келбейби деп сурап жатам. Иштеп жатканын мен көрүп жатам.

Өткүрбек Жамшитов, Генпрокурор: Бул кызмат Конституцияда көрсөтүлгөн эмес. Конституцияда жок. Ошон үчүн указ менен түзүлгөн.

Исхак Масалиев, депутат: Менин пикирим боюнча мыйзамдаштырып, УКМКда эмес, өзгөчө орган түзүш керек, коррупцияга каршы күрөшүү боюнча, мыйзам менен, указ менен эмес…

Эсиңиздерге сала кетсек, 2011-жылы 14-декабрда ошол кездеги президент Алмаз Атамбаев КР Конституциясын жана мыйзамдарын одоно бузуп, КР УКМКнын алдында Антикоррупциялык кызмат түзгөн.

Булак: KyrgyzToday

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 44 − = 42

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: