Menu

“Бир алкак – бир жол” долбоорундагы Кыргызстандын утушу эмнеде?

Бөлүшүү:

1991-жылы Кыргызстан эгемендүү өлкөлердүн катарында тышкы саясатты жаңы дем менен баштап, өз ишмердүүлүлүгүн замандын талабына ылайык жүргүзө баштады. Анын катарында коңшу Кытай Эл Республикасы менен дагы кызматташтык алака жогорку деңгээлге көтөрүлдү.

28 жылдан бери Кыргызстан-Кытай ортосунда мамлекеттик деңгээлдеги абдан маанилүү келишимдерге, макулдашууларга кол коюлду. Мына ушул документтер эки элдин ынтымагын арттырып, алдыга бирге кадам таштоого өбөлгө болду. Баарынан да келишимдерде эки тараптын тең кызыкчылыктары корголгон макулдашуулар орду менен аткарылды, бул ынтымак, достукту ансайын чыңдады. Кытай учурда экономикасынын өнүгүүсү жагынан дүйнөнүн күчтүү державаларынын катарын толуктайт. Дүйнөлүк айдыңда өз ордун тапкан, алдыңкы катардагы мамлекеттердин бири. Өнүгүүнүн чокусуна жеткен өлкө башка мамлекеттердин өнүгүүсүнө жардам берип, анын алкагында бир катар эл аралык ири долбоорлорду сунуштап, ишке ашырууга аракеттенип келүүдө. Мындай шартта, Кыргызстандын так ушул ири держава менен катарлаш жайгашып калганы чоң мүмкүнчүлүктүн каалгасын ачты.

КЭРдин Төрагасы Си Цзиньпин 2013-жылы “Бир алкак-бир жол” демилгесин көтөргөн. Кыргызстан аны биринчилерден болуп колдогон. Анткени, Улуу Жибек жолу кыргыз эли үчүн жат эмес эле. Нечендеген кылымдар бою эки эл ынтымакта коңшулаш жашап, Улуу Жибек жолу соода кербени катары пайдаланышкан. Азыр бул жол жөнөкөй соода кербени эмес, ал – экономикалык, маданий, коопсуздук карым-катнаштардын кербени. Кытай демилгелеген бул долбоор акыркы жылдары дүйнөлүк айдыңда актуалдуу болууда. А Кыргызстан бул жааттагы позициясын өзгөртпөдү. Өлкө бийлиги долбоорду ар дайым колдойт жана аны иш жүзүнө ашырууга жардамын көрсөтүүгө даяр.

“Бир алкак-бир жол” долбоорунун Кыргызстанга алып келчү пайдасы кайсы деген суроо жаралышы мүмкүн. Бул улуу иш-аракетти элге жакшылап түшүндүрүү маанилүү. Долбоор Кытайдын гана келечеги үчүн зарыл дегендер жаңылышат, ал келечекте Борбор Азиянын ар бир өлкөсүнүн өнүгүүсүнө ат көтөргүс салым кошот. Масштабдуу перспективаларды камтыган мыкты долбоордун демилгеленгенине беш жыл болду. Ири долбоор үчүн беш жыл бир көз ирмемдей эле.

Аны өнүктүрүүнүн жаңы жолдору бүгүнкү күнү дагы иликтенип, бир катар эл аралык барандуу иш-чараларда каралып, мүмкүнчүлүктөрү изилденүүдө. Демек, бул бир өлкө үчүн эмес, бир нече өлкө, ошонун ичинде дүйнө үчүн кандайдыр бир саамалыктарды, жаңыланууну жаратуучу келечек. Ушул жерде Кыргызстандын жеке орду канчалык? Албетте, абдан чоң. Анткени, географиялык жактан биздин өлкө долбоордун жүрөгүндө жайгашкан. Улуу Жибек жолу биздин аймакты басып өтөөрүн тарыхтан жакшы билебиз. Жибек жолу өткөн мамлекет, транзиттик жол катары Кыргызстан орчундуу орунда турат. Андыктан, долбоор канчалык өнүгүп, өөрчүсө, өлкөбүзгө жаңы мүмкүнчүлүктөр ачылат, экономика көтөрүлөт.

Шарапатынын бири – демилгенин алкагында биздин аймактан газ түтүгүн өткөрүү долбоору түзүлгөн. Долбоордогу ушул жана башка пландар ишке ашырылса, Кыргызстан үчүн жаңы тарыхтын барагы ачылуусу толук мүмкүн.

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 7 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: